"Жунда" заводуна кайрадан нааразылык жаралды

Жазылуу
Бишкектеги маалымат жыйынында өздөрүн Кара-Балта шаарынын тургундарыбыз деп тааныштырган топ мунайды кайра иштетүүчү "Жунда" заводун иштетүүгө каршы экенин айтышты.

БИШКЕК, 4-ноя — Спутник Кыргызстан. Нааразы болгон тарап заводдун экологияны бузуп жатканына кабатыр экендиктерин айтышты. "Заводдон чыккан жагымсыз жыттан жашоого мүмкүн болбой калды. Ал эми элдин ден-соолугуна таасир бере баштады", – дейт маалымат жыйынын өткөргөндөрдүн бири Толгонай Ахматова.

Буга чейин да Кара-Балта шаарынын айрым тургундары завод экологияны бузуп жатканын айтып, аны иштетүүгө каршы чыгып келишкен. Бул туурасында "Азаттык" жазды.

Курулушу 2009-жылы башталган "Жунда" заводу жылына 800 миң тонна мунай иштетүүгө ылайыкташкан. Быйыл жыл башында завод ишке берилип, бирок 18-февралда өз ишин убактылуу токтотууга мажбур болгон. Буга жергиликтүү элдин жана экологдордун заводго каршы дембе-дем өткөргөн акциялары себеп болгон. Ошого байланыштуу экологияга тийгизген таасирин иликтөө үчүн атайын экспертиза дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0