Биометрикалык маалыматтарды Кыргызстандын компаниялары чогултат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу улантылууда
Кыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу улантылууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев биометрикалык маалыматтарды кыргызстандык компаниялар чогултарын билдирип, чет элдик компаниялар өнөктөш катары тартылбай турганын айтты.

Кыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу улантылууда - Sputnik Кыргызстан
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу жараяны улантылууда
БИШКЕК, 3-ноя — Спутник Кыргызстан. Биометрикалык маалыматтарды чогултууда чет элдик компаниялар тартылбайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев билдирди.

"Бизге биометрикалык маалымат чогултуучу жабдыкты алып келип бергенден кийин чет элдик компания менен кызматташуубуз бүтөт. Калганын биз өз күчүбүз менен жасайбыз. Мындай кадам маалыматтык коопсуздук үчүн керек", – деди Сарпашев.

Ал ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү биометрикалык маалыматтарды берүү керек экенин элге түшүндүрүүсү зарыл деп кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0