Быйыл 4 миң киши кыргыз жарандыгын алды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын паспорту
Кыргыз Республикасынын паспорту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстан, Өзбекстан, Орусиядан көчүп келген кыргыздар КР жарандыгын алышты.

БИШКЕК, 31-окт — Спутник Кыргызстан. Жарандык берилгендердин арбыны коңшу мамлекеттерде жашап, кийин Кыргызстанга келип жашоону каалап, арыз менен кайрылгандар.

Кыргыз жарандыгын алгандардын арасында кыргызстандыктарга турмушка чыккан чет өлкөлүк келиндер да бар, алар өз өлкөсүнүн жарандыгынан чыгышпаганына байланыштуу кыргыз жарандыгын көп жылдар бою ала албай келишкен.

"Мындан ары бул маселе чечилди, алар болгону өз мекенинин жарандыгынан баш тартары тууралуу арыз жазышса, кыргыз жарандыгы берилет", — деди калкты каттоо департаментинин жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиев.

Расмий маалыматтар боюнча акыркы төрт жылдын ичинде Кыргызстанда 50 миң адам жарандыгы жок катары катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0