Электр кубатын түнү менен өчүрүү каралууда

© Sputnik / Марина Лысцева / Медиабанкка өтүүЭлектр кубатын түнү менен өчүрүү каралууда
Электр кубатын түнү менен өчүрүү каралууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр энергиясын чектөөнүн графиги ноябрда белгилүү болорун Энергетика министри жума күнү Кубанычбек Турдубаев журналисттерге билдирди.

БИШКЕК, 31-окт — Спутник Кыргызстан. Анын айтымында, электр энергиясын түнкү саат 12ден таңкы саат алтыга чейин өчүрүү сүйлөшүлгөн. Бирок ошентсе да министрлик мүмкүн болушунча чектөө мөөнөтүн азайтууга аракет кылууда.

"Жыл сайын эле кышкысын элдин электр кубатын колдонуусу үч эсеге көбөйөт. Бул керектөөчүлөрдүн электр энергиясын жылуулук максатында жана башка керектөөлөргө колдонгондугунун натыйжасы. Анткени электр кубатынын баасы газ менен көмүрдөн арзан турат", — Кубанычбек Турдубаев.

Электр энергиясын чектөө айрым аймактарда октябрь айынан тартып эле башталган. Республиканын бир нече региондорунда 7-8, ал эми. Бишкек шаарынын жашоочулары жаңы конуштарда 3-4 сааттап өчүрүлүп жаткандыгын айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0