Жалал-Абад облусунда тогуз айда 13 эненин өлүмү катталган

© Sputnik / Нургуль МаксутоваЭмчектеги ымыркай
Эмчектеги ымыркай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абад облусунда быйылкы жылдын 9 айында 13 эненин өлүмү катталган. Бул тууралуу облустун региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажимамат Исаев билдирди.

БИШКЕК, 31-окт — Спутник Кыргызстан. Анын маалыматына караганда, энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү былтыркы жылга салыштырмалуу 24,8% көрсөткүчкө көп болгон. Быйылкы жылдын тогуз айында 22 миң 823 ымыркай төрөлүп, бир жашка чейин 440 бөбөктүн өлүмү катталган. Балдар өлүмүнүн көрсөткүчү былтыркы жылга салыштырмалуу 3,3 пайызга өскөн. Бул туурасында "Кабар" маалымат агенттиги жазды.

"Кош бойлуу аялдардын ден соолугу тийиштүү деңгээлде көзөмөлгө алынбагандыктан, каттоого алуу өз учурунда жүргүзүлбөй жаткандыктан улам, ымыркайлардын жана энелердин өлүмү жыл сайын өсүп жатат", — деди Ажимамат Исаев.

Жаңылыктар түрмөгү
0