16:50 06 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7942
  • EUR95.7496
  • RUB1.1510
Таржымал
Кыскача шилтеме алуу
3 0 0

Улан Дүйшембиев 1977-жылы 17-апрелде туулган. Жогорку билимдүү. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин "бухгалтердик эсеп жана аудит" адистиги боюнча бүтүргөн.

2019-жылы Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын аяктаган. Учурда РФ Элдик чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын магистратурасында "парламенттик ишмердүүлүк" адистиги боюнча билим алууда.

Эмгек жолу:

  • 2000-2006 — жеке ишкер (Ростов-на-Дону, Россия);
  • 2006-2010 — "КамиМоторс" компаниясынын башкы директору (Ростов-на-Дону);
  • 2010-2011 — "Экспресс" акционердик коммерциялык банкында кардарлар менен иштөө боюнча менеджер;
  • 2013-2015 — жеке ишкер (Ростов-на-Дону);
  • 2016-2018 — "Юнистрим" банкынын №86 кеңсесинде кредиттик кассасынын менеджери (Ростов-на-Дону);
  • 2017-2021 — Россиянын Мамлекеттик Думасында депутаттын жардамчысы (Москва);
  • 2021-жылдын сентябрь айынан бери "Ак-Босого" турак жай сактык-кредиттик компаниясынын төрагасынын милдетин аткаруучу;
Белгилер:
Өмүр баяны, "Ынтымак" партиясы, Улан Дүйшембиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ