Турусбеков Бактыбек Сагындыкович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековТурусбеков Бактыбек Сагындыкович
Турусбеков Бактыбек Сагындыкович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Жазылуу
Бактыбек Турусбеков 1964-жылы 6-апрелде Ысык-Көл облусунун Пржевальск шаарында туулган. Жогорку билимдүү.
Билими:
  • 1981-1987 — Ленинград шаарындагы Д.Ф.Устинов атындагы механика институтун "инженер-механик" адистиги боюнча аяктаган;
  • 1990-1995 — Д.Ф.Устинов атындагы "Военмех" Балтика мамлекеттик техникалык университетин "инженер-изилдөөчү" адистиги боюнча аспирантураны аяктаган;
  • 2000-2002 — КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын "мамлекеттик башкаруу" адистиги боюнча бүтүрүп, магистр даражасына ээ болгон.
Эмгек жолу:
  • 1986-1995 — Ленин атындагы заводдо мастер, улук мастер, комсомол комитетинин секретарынын орун басары, комсомол комитетинин секретары, Фрунзе штамптоо заводунун директорунун орун басары, станок куруу заводунун тышкы экономикалык байланыштар бөлүмүнүн башчысы;
  • 1996-1997 — Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын нефть менен камсыздоо боюнча башкы башкармалыгында жетекчинин орун басары;
  • 1998-2002 — Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда бөлүм башчы, башкармалыктын башчысы, директордун орун басары;
  • 2006-2010 — Бишкек мэриясынын Экономика жана инвестициялык иштер департаментинин директору, Экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы;
  • 2012-2014 — Өкмөттүк аппаратын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
  • 2018-жылдан тартып "Бир Бол" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты.
Жаңылыктар түрмөгү
0