Касымбеков Жаркынбек Орозбекович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Ынтымак"Касымбеков Жаркынбек Орозбекович
Касымбеков Жаркынбек Орозбекович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Жазылуу
Жаркынбек Касымбеков 1973-жылы 19-сентябрда Фрунзе шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Медицина илимдеринин кандидаты, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун магистри.
Билими:
  • 1996 — Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн;
  • 1998 — Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында клиникалык ординатуранын урология профили боюнча билим алган;
  • 2001 — Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын аспирантурасын аяктаган;
  • 2002 — Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында магистр даражасын алган.
Эмгек жолу:
  • 2003 — КР президентинин иш башкармалыгындагы дарылоо-ден соолукту чыңдоо бирикмесинде уролог;
  • 2003-2006 — Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын жана №12 үй-бүлөлүк медициналык борборунун директорунун орун басары;
  • 2005 — "Элиме" коомдук бирикмесинин төрагасы;
  • 2009-2010 — Элдик медицинанын илимий-өндүрүштүк борборунун клиникалык менеджери (башкы дарыгери);
  • 2009-2010 — КР президентине караштуу Коомдук палатанын социалдык саясат, согуштун жана оорук ардагерлеринин укуктарын коргоо, миграция жана саламаттык сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
  • 2010-жыл, январь-апрель — Чүй районунун акиминин милдетин аткаруучу;
  • 2010-2012 — "Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директорунун орун басары;
  • 2012-2014 — Бишкек шаарындагы №17 үй-бүлөлүк медициналык борборунун директорунун орун басары;
  • 2014-2015 — Бишкек шаардык тез жардам кызматынын башкы дарыгери;
  • 2015-2017 — "Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинде улук илимий кызматкер;
  • 2017-2018 — Эл аралык медициналык университеттин ректору;
  • 2018-2020 — Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде мугалим.
Жаңылыктар түрмөгү
0