Борбукеева Рита Нурмаметовна — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Социал-демократы"Борбукеева Рита Нурмаметовна
Борбукеева Рита Нурмаметовна - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Рита Борбукеева 1969-жылы 17-декабрда Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулган. Жогорку билимдүү.
Билими:
  • 1991 ― СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин "журналист" адистиги боюнча аяктаган;
  • 2014 ― КР Президентине караштуу башкаруу академиясын "менеджмент" адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
  • 1991-1996 ― Чүй облустук телерадиокомпаниясында кабарчы;
  • 1998-2004 ― "Унутулгус ысымдар", "Баба Мурас" тарыхый көрсөтүүлөрдүн автору жана алып баруучусу; социалдык-маданий жана экономикалык программалардын жооптуу редактору, КООРТ телеканалында "Жаңылыктар" маалымат программасынын кабарчысы жана алып баруучусу;
  • 2004-2011 ― "Азаттык" радиосунун Ысык-Көл облусундагы атайын кабарчысы;
  • 2007-2010 ― Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө Борбор Азия боюнча штаттан сырткаркы кабарчысы;
  • 2010 ― Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук кеңешчиси;
  • 2011 ― "Учкун" ААКта директорлор кеңешинин мүчөсү;
  • 2012 ― Ысык-Көл районунун акиминин биринчи орун басары;
  • 2014-2017 ― Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары;
  • 2017-2018 ― "Алтын-Көл" пансионатынын директору;
  • 2018 ― Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук кеңешчиси;
Коомдук иштери:
  • 2009 ― Чолпон-Атада шаарында Алыкул Осмонов атындагы үй-музейди ачкан;
  • 2012 ― КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү;
  • 2013 ― Ысык-Көл облустук "Шахмат Ордо" шахмат федерациясынын жетекчиси;
  • 2015 ― "Ысык-Көл Жаштар Ордосун" негиздеген;
  • 2016 ― "Жөрөлгө" коомдук фондунун төрагасы;
  • 2017 ― Кыргызстандын Аялдар конгрессинин Ысык-Көл облусу боюнча жетекчиси.
Жаңылыктар түрмөгү
0