Айдаров Керимбек Ташболотович — өмүр баяны

© Фото / Игорь КоваленкоАйдаров Керимбек Ташболотович
Айдаров Керимбек Ташболотович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Айдаров Керимбек Ташболотович 1973-жылы 16-июлда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында туулган.
Билими:
Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 1991-1993-жылдары Советтик Армиянын жана Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызматын өтөгөн.
Эмгек жолу:
  • 1997-2000 — "Асаба" коомдук-саясий гезитинде кабарчы;
  • 2001-2004 — "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинде баяндамачы;
  • 2004-2005 — Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында кеңешчи;
  • 2005-2006 — "Жаңырык Апта" коомдук-саясий гезитинде башкы редактор;
  • 2006-2007 — "Айдар-Ата" ЖЧКсынын директору, "Айкын" коомдук-саясий гезитинин башкы редактору;
  • 2008-2009 — "Агым" коомдук-саясий гезитинин башкы редактору;
  • 2009, март-июль — Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) "КТР-ОБО" гезитинде башкы редактордун орун басары;
  • 2009-2010 — УТРКнын "Ала-Тоо" маалымат-аналитикалык борборунун шеф-редактору;
  • 2010-2016 — "Асман пресс" коомдук-саясий гезитинин башкы редактору;
  • 2010-2017 — "Айдар-Ата" ЖЧКсынын директору;
  • 2018 — "Бешинчи каналда" журналист-аналитик, "Бешинчиде бешөө" автордук программасынын алып баруучусу;
  • 2021 — "Ата Мекен" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер.
Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0