Өмүрзаков Таласбек Кимсанович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Азаттык"Өмүрзаков Таласбек Кимсанович
Өмүрзаков Таласбек Кимсанович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Таласбек Өмүрзаков 1958-жылы 28-августта Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Акман айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп жана экономика факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
  • 1980-1982 — Ош шаардык өнөр жай соодасында бухгалтер-текшерүүчү;
  • 1985-1987 — "Главкыргызводстрой" трестинин жумуш менен камсыз кылуу №1 башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
  • 1987-1994 — Суу чарба министрлигинде жетекчилик кызматта иштеген;
  • 1994-1995 — Ош шаардык мамлекеттик администрациясынын башчысынын жардамчысы;
  • 1995-1996 —  Финансы министрлигине караштуу Ош шаардык мамлекеттик салык инспекциясынын башчысынын орун басары, андан кийин начальниги;
  • 1996-1998 — Ош облустук базарлар башкармалыгынын башкы директорунун орун басары;
  • 1998-1999 — Финансы министрлигине караштуу Талас облусу боюнча мамлекеттик салык инспекциясынын башчысынын орун басары;
  • 1999 — Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын кеңешчиси;
  • 1999-2001 — Ош облустук мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы;
  • 2001-2002  — Финансы министрлигине караштуу Финансы полициясынын башкармалыгынын начальниги;
  • 2002-2004 — Президенттин администрациясынын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн ассистенти;
  • 2003-2014 — High Technologies ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2014-2017 — Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик көзөмөл департаментинин директорунун орун басары.
Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0