Бекилов Абдишарип Тажимаматович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Бутун Кыргызстан"Бекилов Абдишарип Тажимаматович
Бекилов Абдишарип Тажимаматович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Абдишарип Бекилов 1976-жылы 15-февралда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Өлөң-Булак айылында туулган. Жогорку билимдүү. Жалал-Абад мамлекеттик университетин "журналист" адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
  • 1997 — "Дил" облустук гезитинде кампа башчы;
  • 1997-2000 — "Дил" облустук гезитинде кабарчы;
  • 2000-2001 — "Дил" облустук гезитинде жооптуу катчы;
  • 2001-2004 — "Акыйкат" облустук гезитинде жооптуу катчы;
  • 2004-2005 — "Акыйкат" облустук гезитинде башкы редактордун орун басары;
  • 2005-жыл, апрель-сентябрь — "Акыйкат" облустук гезитинин башкы редактору;
  • 2005-2006 — Жалал-Абад облусунун губернаторунун жардамчысы;
  • 2006 — Талас облусунун губернаторунун жардамчысы;
  • 2007-2008 — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түштүк аймак боюнча башкармалыгынын Жарандык коргонуу курстарынын жетектөөчү адиси;
  • 2008-2010 — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башкы адисинин милдетин аткаруучу;
  • 2010-2012 — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен иштөө бөлүмүндө жетектөөчү адис;
  • 2012-2017 — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратынын маалымат кызматынын жетекчиси;
  • 2017-2018 — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2018 — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология агенттигинде директордун орун басары;
  • 2018-2019 — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусундагы чукул кырдаалдарга чара көрүү тобунун жетекчиси;
  • 2019-2020 — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология агенттигинин директору.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0