Барыктабасова Гүлбара Эраалиевна — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Азаттык"Барыктабасова Гүлбара Эраалиевна
Барыктабасова Гүлбара Эраалиевна - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Жазылуу
Гүлбара Барыктабасова 1969-жылдын 26-мартында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган. 1993-жылы Алматыдагы Жамбыл технологиялык жеңил жана тамак-аш өнөр жай институтун (Казакстан) инженер-технолог адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
  • 1993-1998 — Каракол нан заводунда технолог катары иштеп, өндүрүш жаатында директорунун орун басарлыгына чейин жеткен;
  • 1998-2001 — Бишкек шаарындагы "КАЭТ-ТЕХ" ЖЧКсында менеджер;
  • 2001-2002 — Ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жетектөөчү адиси;
  • 2002-2003 — Кыргызстандын ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору;
  • 2003-2003 — "АЗАМАТ ОЙЛ" корпорациясынын президентинин кеңешчиси;
  • 2003-2008 — "Деловой совет ЕврАзЭС" ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары;
  • 2008-2019 — "Байтур" ЖЧКсында бизнес-менеджер;
  • 2019-жылдан бери "ДАТЭС" ЖЧКсында бизнес-менеджер.
Үч баланын энеси.
Жаңылыктар түрмөгү
0