Аттокуров Азрет Али Акылбекович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Азаттык"Кандидат в депутаты ЖК от партии "Азаттык" Азрет Али Аттокуров
Кандидат в депутаты ЖК от партии Азаттык Азрет Али Аттокуров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
Азрет Али Аттокуров 1988-жылдын 19-апрелинде Ош облусунун  Кара-Кулжа  районундагы  Күйөө-Таш айылында туулган.
Билими:
  • 2012-жылы Кыргыз-Россия Славян университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган;
  • 2015-жылы Ош мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистиги боюнча бүтүргөн;
  • 2015-жылы РФ президентинин алдындагы Эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат академиясында мамлекеттик кадрдык кызмат жана кадрдык саясат адистигине ээ болгон.
Эмгек жолу:
  • 2011-2012 — АККА-Aviation Service  ЖЧКсында юрист;
  • 2012-2013 — "Интэк" ЖЧКсында юрист;
  • 2014 — "АККА-Кэйтеринг" ЖЧКсында юрист;
  • 2015-2015 — Өкмөткө караштуу Калкты тейлөө кызматынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин архивдик маалымат бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
  • 2015-2015 — Өкмөткө караштуу Калкты тейлөө департаментинин калктын документациясын тейлөө бөлүмүндө жетектөөчү адис;
  • 2015-2017 — "Аттокур Ата" ЖЧКсында юрист;
  • 2017-2018 — Жогорку Кеңеште депутаттын кеңешчиси;
  • 2018 — Жогорку Кеңештин катчылыгында адис, Бюджет жана каржы комитетинин төрагасынын кеңешчиси;
  • Учурда Эсеп палатасында социалдык тармактардын чыгашаларын текшерүү бөлүмүнүн эксперти, мамлекеттик инспектор.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.
Жаңылыктар түрмөгү
0