Сияев Таштанбек Моңолдорович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба Нарынского госуниверситетаСияев Таштанбек Моңолдорович
Сияев Таштанбек Моңолдорович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Жазылуу
Таштанбек Сияев 1961-жылы 15-июнда Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Жогорку билимдүү. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин жана Москвадагы Инженердик физика институтун "инженер-физик" адистиги боюнча бүтүргөн. Педагогика илимдеринин доктору.
Эмгек жолу:
  • 1984 ― Кыргыз мамлекеттик унверситетинде улук лаборант;
  • 1984-1985 — Кыргыз мамлекеттик университетинде кенже илимий кызматкер;
  • 1985-1988 — Кыргыз айыл чарба институтунда ассистент;
  • 1988-1991 — Молдованын Илимдер академиясында аспирант;
  • 1991-1992 — Кыргыз айыл чарба институтунда ассистент;
  • 1992-1993 — Кыргыз айыл чарба институтунда улук окутуучу;
  • 1993-1996 — Билим берүү жана илим министрлигинде башкы адис;
  • 1996-2010 — Нарын мамлекеттик университетинде биринчи проректор;
  • 2010-жыл, февраль-ноябрь ― Нарын мамлекеттик университетиндеги институттардын биринин директору;
  • 2010-2018 — Нарын мамлекеттик университетинин педагогика жана окуу технологиясы кафедрасынын жетекчиси;
  • 2019-2020 — Нарын мамлекеттик университетинин ректору;
  • 2020-жылдан тартып Нарын мамлекеттик университетинде профессор.
Жаңылыктар түрмөгү
0