Жамалов Шүкүрали Абдыкарович — өмүр баяны

© Фото / Игорь КоваленкоКандидат в депутаты ЖК от партии "Ата Мекен" Шукурали Жамалов
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата Мекен Шукурали Жамалов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Жазылуу
Шүкүрали Жамалов 1977-жылы 18-ноябрда Жалал–Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Рахманжан айылында туулган.
 
1994-жылы Жалал-Абад коммерциялык институтунун "ишканалар экономикасы" адистигине тапшырган, 2000-жылы Кыргызстан эл аралык университетинде “Экономика” багыты боюнча магистратураны аяктаган;
2020-жылдан бери Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтунун аспирантура бөлүмүндө "Кыргыз Республикасында тамак-аш азыктарына бажылык көзөмөлдөөнү уюштуруу, экономикалык механизмин түзүү жана өнүктүрүү" аттуу илимий темада кандидаттык диссертациясын жазууда.
Эмгек жолу:
  • 2000 — Чүй облустук Салык инспекциясынын ККМ колдонууну, накталай жана башка төлөмдөрдү көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору;
  • 2001 — Мамлекеттик салык инспекциясынын Аламүдүн району боюнча ККМ колдонууну, накталай жана башка төлөмдөрдү көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору;
  • 2002 — Мамлекеттик салык инспекциясынын Ысык-Ата району боюнча ККМ колдонууну, накталай жана башка төлөмдөрдү көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук инспектору;
  • 2003 — Нарын бажысынын “Турбаза” бажы пунктунда улук инспектор;
  • 2003 — Түндүк темир жол бекетиндеги бажы пунктунда инспектор;
  • 2003 — Түндүк региону боюнча ыкчам бажы эрежелерин бузуу жана контрабанда менен күрөшүү бөлүмүнүн инспектору;
  • 2006 — Токмок бажысындагы “Кең-Булуң” өткөрүү пунктунда улук инспектор;
  • 2008 — Бишкек бажысындагы “Ак-Жол” өткөрүү пунктунда улук инспектор, “Бишкек” борбордук өткөрүү пунктунда улук инспектор;
  • 2011 — Мамлекеттик бажы кызматынын Камсыздоо борборунун нөөмөт бөлүмүндө ыкчам инспектор;
  • 2013 — “Түндүк” темир жол бажысында Укук коргоо иштери боюнча борбордун бажы эрежелерин сактоо боюнча тобунун инспектору;
  • 2014 — “Түндүк” темир жол бажысынын материалдык-техникалык ресурстарды каттоо секторунун башкы инспектору;
  • 2015 — “Түндүк” темир жол бажысынын финансы-чарбалык бөлүмүнүн улук инспектору;
  • 2018 — "Бишкек" түндүк чыгыш бажысында бажылык каттоо борборунда улук инспектор;
  • 2021-жылы "Ата Мекен" партиясына мүчө болгон.
Бажы кызматынын майору.
Үй-бүлөлүү, жубайы медицина кызматкери, төрт баланын атасы.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0