Маткеримов Айбек Тураталиевич — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Айбек Маткеримов
Депутат Жогорку Кенеша Айбек Маткеримов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Жазылуу
Айбек Маткеримов 1980-жылы 11-ноябрда Жалал-Абад шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктаган.
Ош шаардык перинаталдык борборунда клиникалык-ординатураны өтүп акушер-гинеколог адистигине ээ болгон.
Эмгек жолу:
2005-2007 — Ош шаардык перинаталдык борборунда клиникалык-ординатор;
2007-2011 — Ош шаардык перинаталдык борборунда акушер-гинеколог;
2007-2012 — Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинде мугалим;
2011-2013 — Ош шаардык төрөт үйүндө бөлүм башчы;
2013-2014 — Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгеринин орун басары;
2014-2015 — Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө акушер-гинеколог;
2015 — Сузак аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы;
2016 — Барпы айылдык кеңешинин депутаты;
2019 — Жалал-Абад облустук төрөт кызматынын координатору.
2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты
Жаңылыктар түрмөгү
0