Амангелдиев Данияр Жолдошевич — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба Министерства экономики и финансов КРАмангелдиев Данияр Жолдошевич
Амангелдиев Данияр Жолдошевич - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Данияр Амангелдиев 1982-жылдын 30-мартында Чүй облусунда туулган. Учурда экономика жана финансы министринин орун басары. Экономика жана коммерция министрлигине талапкерлиги сунушталууда.
2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
  • 2003–2004 — КР Финансы министрлигинин Инвестициялык саясат департаментинин пландоо жана долбоорлорго баа берүү бөлүмүнүн стажёру;
  • 2004–2006 — Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин бөлүм башчысы;
  • 2006–2007 — Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2007 — Экономика жана финансы министрлигинде пландоо жана долбоорлорго баа берүү бөлүмүнүн башкы адиси, министрдин жардамчысы;
  • 2007–2010 — Кыргызстандын Россиядагы соода өкүлчүлүгүнүн башкы адиси;
  • 2010–2012 — Кыргызстандын Россиядагы соода өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу;
  • 2012–2013 — Финансы министрлигинде бир катар кызматтарды аркалаган;
  • 2013 — Финансы министрлигинин Мамлекеттик чыгымдарды пландоо башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2018–2020 — Токмок шаарынын мэри;
  • 2021 — экономика жана финансы министринин орун басары.
Үй-бүлөлүү.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0