Орозов Талайбек Саратанбекович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековАткаминер. Архив
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
Жазылуу
Талайбек Орозов 1974-жылдын 26-апрелинде туулган. 2021-жылдын сентябрь айында Бишкектин вице-мэри кызматына дайындалган.

Билими:

  • 1997 — Кыргыз техникалык университетинин машина куруу факультетин аяктап, автоунаалар жана автоунаа чарбасы адистигине ээ болгон.
  • 1999 — Россиянын Мамлекеттик стандартынын Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо академиясынын Кыргызстандагы филиалын бүтүрүп, жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу кызматтарын сертификаттоо адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 1997–1998 — Бишкек шаардык статистика комитетинин жеке ишкерлерди каттоо бөлүмүнүн улук инспектору;
  • 1998–2002 — Транспорт жана коммуникация министрлигинин Транспорт, техникалык саясат, атайын иштер жана жарандык коргонуу башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
  • 2002–2007 — өкмөттүн аппаратынын курулуш, транспортту өнүктүрүү жана коммуникация бөлүмүнүн эксперти;
  • 2007–2010 — "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору;
  • 2010 — Убактылуу өкмөттүн курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы;
  • 2010 — Президенттин администрациясынын өнөр жай, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы;
  • 2011 — өкмөттүн аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникация жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;
  • 2011 – 2013 — "Кыргызтелеком" ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы;
  • 2013–2015 — өкмөттүн аппаратынын аймактык өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы;
  • 2018–2021 — "Глобал Индастриал Деволопмент" ЖЧКсынын аткаруучу директору;
  • 2021 — Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын төрагасы (учурда жоюлган).

2021-жылдын сентябрында Бишкектин вице-мэри болуп дайындалган. Ал мэриянын транспорт саясатын көзөмөлгө алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0