БШКнын кармалган мүчөсү Акылбек Эшимов тууралуу эмне белгилүү

© Photo / Pexels / Sora ShimazakiКолунда папкасы бар киши. Иллюстративдик сүрөт
Колунда папкасы бар киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
Жазылуу
Акылбек Эшимовдун өмүр баяны жана эмгек жолу тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымал" рубрикасынан окуңуз.

Акылбек Эшимов 1976-жылы 9-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылында туулган.

© Фото / пресс-служба ЦИК КРАкылбек Эшимов
БШКнын кармалган мүчөсү Акылбек Эшимов тууралуу эмне белгилүү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
Акылбек Эшимов

Билими:

  • 2003-жылы Ош технологиялык университетинин юриспруденция факультетин аяктаган, 2015-жылы ТИМдин Дипломатиялык академиясында эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2003-2006 — "Ош облустук типография" ишканасында продукция реализатору;
  • 2006-2008 — "Ош облустук типография" ишканасында реализация боюнча менеджер;
  • 2011-2015 — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • 2012-2013 — Жогорку Кеңеште экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү;
  • 2013-2015 — Жогорку Кеңеште Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин мүчөсү;
  • 2014-2015 — "Республика" партиясынын лидеринин орун басары;
  • 2016-2017 — Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү;
  • 2017-2021 — БШК төрайымынын орун басары.
  • 2015-жылдан бери "Алыш" күрөшү боюнча улуттук федерациянын президенти.

2021-жылдын сентябрь айында ал УКМК тарабынан ири суммада пара алган деген шек менен кармалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0