Бишкек шаардык кеңешине төрага болгон Кубанычбек Конгантиевдин өмүр баяны

© Sputnik / Эламан КарымшаковБишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Жазылуу
Кубанычбек Конгантиев 1980-жылы 1-июнда Пржевальск (азыркы Каракол) шаарында төрөлгөн.

Билими:

  • Кубанычбек Конгантиевдин үч жогорку билими бар. Ал Борбор Азиядагы Америка университети жана Улуттук университеттин юриспруденция факультеттерин аяктаган. Мындан тышкары, ТИМдин алдындагы Дипломатиялык академияны да бүтүргөн. Юридика илимдеринин кандидаты.

Эмгек жолу:

  • 2004 — юрист;
  • 2009 — дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
  • 2010-2011 — КР Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти;
  • 2012-жылдан тарта Бишкек шаардык кеңештин депутаты.
  • 2021 — Кубанычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңешине биринчи шайлоодо "Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы" менен аттанган. Бирок БШК аталган партияны шайлоодон четтеткен. Ал шайлоонун жыйынтыгы кийин жокко чыгарылып, экинчи ирет шайлоодо Конгантиев "Ата Журт Кыргызстан" партиясы менен барып, Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон.
  • 2021-жыл, 30-июль — Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы.

Үй-бүлөсү:

Кубанычбек Конгантиевдин атасы Камбаралы Конгантиев мурдагы башкы прокурор. 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты да болгон. Ал эми атасынын иниси Молдомуса Конгантиев мурдагы ички иштер министри.

Жаңылыктар түрмөгү
0