Сыдык Карачев — өмүр баяны

© Sputnik / Ю. ЯневскийКостюмчан киши. Архив
Костюмчан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
Жазылуу
Журналист, жазуучу, адабиятчы, драматург Сыдык Карачев 1900-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Жылуу-Булак айылында туулган. Айрымдар анын 1901-жылы төрөлгөнүн жазып жүрүшөт.
Сыдык Карачевдин бала чагы, үй-бүлөсү жөнүндө маалымат жокко эсе. Окуу китептерде ал тууралуу учкай гана жазылган.
Билими:
Карачев эс тартканда Каракол шаарына келип татар мугалимдикине үй кызматкери болуп орношкон. Анын жардамы менен шаардагы жаңы тартип (жадид) мектебинен билим алган.
1919-жылы атуулдук согуш курчуп турган мезгилде Кызыл гвардия бөлүмү түзүлүп, ага Карачев да катталган. Бул жерде ал улуу манасчы Саякбай Каралаев, темир комузчу Адамкалый Байбатыров менен бирге аскердик машыгуудан өтүп, кийин ак гвардиячыларга каршы согушуп, Бухара эмирлигин кулатууга катышкан.
Сыдык Карачев 1920-1922-жылдары Ташкенттеги аскер мектебинде окуп, бирок ден соолугуна байланыштуу бул окуудан чыгып, Караколдогу Союз кошчу уюмунда иштеген.
Советтик жана кыргыз сүрөтчүсү Гапар Айтиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Гапар Айтиев — өмүр баяны
Эмгек жолу:
"Эркин-Тоо" гезитинин тунгуч саны жарык көрөөр алдында Сыдык Карачевди Ташкентке атайын чакыртышып, гезитке жооптуу катчы кылып дайындашат (Сыдык Карачев ага чейин 1919-жылдары  Алматыда чыккан "Көмөк" гезитинде аз убакыт болсо да иштеген деген божомол бар).
Карачев "Эркин-Тоо" гезитинде алты жыл эмгектенип, кийин 1930-жылы Оштогу "Кызыл пахтачы" гезитине жооптуу редактор болгон. Айтор, Карачев 1924-жылдан баштап басма сөз тармагында иштеген.
Чыгармалары:
Сыдык Карачевдин алгачкы ыры 1918-жылы татар тилиндеги "Шуро" гезитине жарык көргөн. Ал башында жалаң казак, татар тилдеринде жазганы айтылат. 1919-жылы "Көмөк" гезитине анын "Сүйгөнүнө кошула албады", "Үйлөнүүдөн качты", "Алданган нур кызы", "Күкүк менен Зейнеп", "Ысык-Көл боюнда" аттуу аңгемелери басылып чыккан. Жазуучунун "Шаңдан, жүрөк", "Аялдар салтанаты", "Айылдагы курбума", "Досума" аттуу ырлары дагы бар.
СССРдин эл артисттери, белгилүү режиссерлер Төлөмүш Океев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Төлөмүш Океев — өмүр баяны
Сыдык Карачев тунгуч прозаик. Ал адабий чөйрөгө прозаик катары "Үйлөнүүдөн качты", "Сүйгөнүнө кошула албады", "Эрик таңында", айрыкча "Эрксиз күндөр" повести менен таанылган. Анын "Эрик таңында" жана "Эрксиз күндөр" чыгармалары өзүнчө китеп болуп чыккан. Кыска өмүрүндө ал "Борч", "Теңдик жолунда", "Төрага Зейнеп" аттуу үч пьеса жазган. Ошондой эле чет элдик акын-жазуучулардын чыгармаларын которгон.
Сыдык Карачев 1937-жылы негизсиз репрессияланып, кийин каза болгон соң гана акталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0