Шаршеев Бакыт Октябрович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба ОАО "Международный аэропорт "Манас"Шаршеев Бакыт Октябрович
Шаршеев Бакыт Октябрович  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Жазылуу
Бакыт Шаршеев 1970-жылы 24-июлда Нарын облусунда туулган. Эки жогорку билимге ээ болгон.
Билими:
  • 1985 — Фрунзе политехникалык техникуму, гидротехник адистигин аяктаган;
  • 2005 — Нарын мамлекеттик университети, бухгалтердик эсеп жана аудит адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
  • 1986 — Тянь-Шань чарбалар аралык көчмө механикалык колоннасы, жыгач уста;
  • 1988-1996 — "Райсельремстрой" Тянь-Шань чарба аралык өндүрүш башкармалыгы, жыгач уста, бригадир, мастер;
  • 1997-2001 — "Нарын" ЭЭА, коопсуздук кызматынын инспектору;
  • 2000-2002 — "Салкын Төр" ЖЧКсы, директор;
  • 2001-2007 — "Темир" мамлекеттик ишканасы, Нарын облусу боюнча өкүлчүлүктүн жетекчиси;
  • 2007-2013 — "Winline" ТМ Sapatcom ЖЧКсы, башкы директор;
  • 2013-2015 — "Ата-Журт" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты;
  • 2015-2021 — "Техно Ресурс" ЖЧКнын башкы директору;
  • 2021-жылдын февраль айынан тарта "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын башкы директору.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.
Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0