Касенов Аймен Абдыталипович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба РКФРКасенов Аймен Абдыталипович
Касенов Аймен Абдыталипович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймен Касенов 1974-жылы 11-апрель күнү Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган. 1989-1992-жылдар аралыгында Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы кыргыз улуттук аскер лицейинин (мурдагы Суворов училищеси) курсанты болгон.
  • 1992-1996 — Жусуп Баласагын атындагы КУУнун экономика факультетин маркетинг жана менеджмент боюнча аяктаган;
  • 1999-2002 — КРСУда жарандык укук боюнча билим алган;
  • 2013-2014 — "Газпром Нефть" ААКсынын топ-менеджменти үчүн Стокгольм экономика мектебинин (Швеция) атайын программасын аяктаган;
  • 2019 –жылдан бери Чехиянын Прага шаарындагы Нью-Йорк университетинин бизнести башкаруу магистри багыты боюнча студент.

Эмгек жолу:

  • 1996-1998 — "Нефть Ко" ишканасында логистика боюнча менеджер;
  • 1998-2001 — "Нефть Ко" ишканасынын маркетинг жана логистика бөлүмүнүн улук менеджери;
  • 2001-2002 — "Трансгазойл" ЖЧКсынын суюлтулган газ боюнча Сокулук жана Балыкчы боюнча базасында кызматкер;
  • 2002-2005 — "Манас Интернешнл Сервис" ишканасынын башкы директорунун орун басары;
  • 2004-2005 — "Кыргызстан аба жолдору" башкаруучулугунун мүчөсү;
  • 2004-2005 — "Альянс" (Бишкек) нефть компаниясынын башкаруучулугунун мүчөсү;
  • 2007 — "Марка" (Москва) компаниялар тобунун башкы директорунун өнөктөш-кеңешчиси;
  • 2007 — "Газпром Нефть — Тажикстан" (Душанбе) ишканасынын башкы директорунун орун басары;
  • 2007-2015 — "Газпром Нефть — Казакстан" (Алматы) компаниясынын башкы директору;
  • 2015-жылдан бери "Жетиген" балдар лагеринин негиздөөчүлөрүнүн бири;
  • 2015-2016 — Бишкек мэринин кеңешчиси;
  • 2016-2019 — Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү;

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

2020-жылдын ноябрь айында президенттик шайлоого талапкер катары катышуу үчүн БШКга арыз берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0