Нурдинов Малик Апсаматович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу районунун коменданты Малик Нурдинов
Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу районунун коменданты Малик Нурдинов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Малик Нурдинов 1972-жылы 5-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. Жогорку билимдүү, 1993-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясын, андан соң Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1993 - 1995 — Ош облустук ички иштер башкармалыгындагы (ОИИБ) Кадрлар бөлүмүнүн кесиптик даярдоо жана тарбиялык иштер боюнча бөлүмчөсүндө инспектор;
  • 1995 - 1997 — Ош ОИИБдин Баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу кызматкери;
  • 1997 - 1999 — Ош шаардык ички иштер башкармалыгындагы Кылмыш издөө башкармалыгынын (КИБ) издөө бөлүмүнүн оперативдүү ыйгарым укуктуу кызматкери;
  • 1999 (март) - 1999 (июль) — Ош облустук милициясынын КИБдин мүлктүк кылмыштардын бетин ачуу боюнча оперативдүү ыйгарым укуктуу кызматкери;
  • 1999 (июль) – 1999 (сентябрь) — Ош облустук ички иштер башкармалыгындагы КИБдин Өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыйгарым укуктуу кызматкери;
  • 1999 – 2001 — Ош Ош облустук ички иштер башкармалыгындагы КИБдин денеге оор залка келтирүү жана зордуктоолордун бетин ачуу боюнча улук ыйгарым укуктуу кызматкери;
  • 2001 – 2003 — Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Кылмыш издөө башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2003 – 2005 — Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Кылмыш издөө башкармалыгынын алдамчылык жана каракчылыктардын бетин ачуу боюнча бөлүмчөсүнүн жетекчиси;
  • 2005 - 2008 — Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Кылмыш издөө башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2008 - 2009 — ИИМдин аймактар аралык башкармалыгынын начальнигинин орун басарынын м.а., ошону менен бирге эле уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы;
  • 2009 (май) - 2009 (август) — Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 9-бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу;
  • 2009 (август) - 2010 (январь) — Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 9-бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2010 (январь) - 2010 (сентябрь) — Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Кылмыш издөө бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2010 (сентябрь) - 2011 (май) — Ош ОИИББдин жетекчисинин орун басары;
  • 2011 (май) - 2011 (август) — Ош ОИИБдин жетекчисинин орун басары;
  • 2011 (август) - 2013 (июнь) — Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2013 - 2017 — ИИМдин Түштүк аймак боюнча Уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
  • 2017 - 2018 — ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын (Ош ш.) жетекчиси;
  • 2018 (апрель) - 2018 (май) — Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу;
  • 2018 май айынан — бүгүнкү күнгө чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2020-жылдын 24-март — Ош шаарынын жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты.

Кызматтык чини: милициянын полковниги.

Жаңылыктар түрмөгү
0