Абдикаримов Сабыржан Токтосунович — өмүр баяны

© Фото / сайт Республиканского центра карантинных и особо опасных инфекций МЗ КРАбдикаримов Сабыржан Токтосунович
Абдикаримов Сабыржан Токтосунович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сабыржан Абдикаримов 1959-жылы 20-мартта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыркол айылында туулган.

Жогорку билимдүү, 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун санитардык врач адистигин аяктаган. 2011-жылы президенттин алдындагы Башкаруу академиясын саясий менеджмент адистигин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1981-1987 — Республикалык санитардык-эпидемиологиялык станциянын санитардык врачы;

  • 1987-1993 — КР Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык башкармалыгында врач-инспектор;

  • 1993-1997 — Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык башкармалыгынын начальниги;

  • 1997-2007- жылдары — Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы директору;

  • 2007- 2010 — Мамлекеттик башкы санитардык врач, КР саламаттык сактоо министринин орун басары;

  • 2010 — Саламаттык сактоо министри;

  • 2011-2012 — Саламаттык сактоо министринин орун басары;

  • 2012-2013 — Саламаттык сактоо министрлигине караштуу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин башкы директору;

  • 2013-2016 — Иса Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында кафедра башчы, окутуучу;

  • 2016-2020 — Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча республикалык борборунун директору;

  • 2020-жылдын 2-апрели — КР саламаттык сактоо министри.

Медицина илимдеринин доктору.

Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

2019-жылдан тарта Жогорку аттестациялык комиссиянын эксперттик кеңешинин мүчөсү.

Соңку учурда Республикалык карантиндик жана жугуштуу оорулар борборунун жетекчиси болуп иштеп жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0