12:51 09 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR92.1193
  • RUB1.1204
Таржымал
Кыскача шилтеме алуу
32 0 0

Марат Пирназаров 1980-жылы 19-октябрда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Эшме айылында туулган.

Билими:

  • 2001 — Кыргызстан эл аралык университетинин Жогорку экономика жана бизнес мектебинде "Эл аралык экономикалык мамилелер" адистигин артыкчылык диплому менен бүткөн;
  • 2003 — Кыргызстан эл аралык университетинин Жогорку экономика жана бизнес мектебинде "Банк иши" адистигин аяктаган.

Кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт.

  • 1999-2002 — КР Президентинин алдындагы Капитал рыногун өнүктүрүү (мониторинг жана изилдөө) жана жамааттык инвестициялоо институту улуттук комиссиясында баалуу кагаздар боюнча жетектөөчү адис;
  • 2002-2006 — КР өкмөтүнүн алдындагы Баалуу кагаздар рыногун көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик комиссиясында башкы инспектор;
  • 08.05.2006-10.2006 — Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын баалуу кагаздар рыногун каттоо, отчёт алуу жана анализдөө бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2006-2008 — Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын корпоративдик башкаруу жана капитал рыногун өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
  • 2008-2010 — "Капитал Казына" ЖАКтын башкы директору;
  • 2010-2012 — Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын Аткаруу кеңешинин мүчөсү;
  • 2010-2017 — КМШга мүчө өлкөлөрдүн баалуу кагаз рыногун жөнгө салуу боюнча жетекчилер кеңешинин мүчөсү;
  • 2015-2017 — ЕАЭБдин Евразия экономикалык комиссиясынын каржы рыногу боюнча Консультациялык комитетинин мүчөсү;
  • 2012-2017 — Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
  • 06.2018-08.2018 — Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат комитетинин эксперти;
  • 2018-2019 — Жогорку Кеңештин төрагасынын жардамчысы, кеңешчиси;
  • 02.2019 — "Унаа" мамлекеттик ишканасынын директору.

Мамлекеттик кызматтын биринчи класстагы кеңешчиси, "Кыргыз Республикасынын финансы рыногунун мыктысы" сыйлыгынын ээси.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Белгилер:
финансы, жетекчи, өмүр баян, Марат Пирназаров

ЭҢ МААНИЛҮҮ