Чалгынчыдан президентке чейин. Владимир Путиндин өмүр баяны

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин Таржымал рубрикасынан Россия лидери Владимир Путиндин өмүр баяны менен тааныша аласыз.

Жогорку билимдүү, бир нече жогорку окуу жайларды жана коопсуздук, чалгын боюнча мектептерди аяктаган. 1952-жылы 7-октябрда Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) шаарында туулган.

Ата-энеси:

  • Атасы Владимир Спиридонович Путин Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болгон. 50-жылдары вагон куруучу заводдун күзөт кызматында, кийин заводдун өндүрүшүндө иштеген.
  • Энеси Мария Ивановна Шеломова ар кыл жумуштарды кылган, короо шыпырган, Ленинград блокадасын башынан өткөргөн.

Мектеби:

  • 1960-1968-жылдары Владимир Путин Ленинграддагы №193 сегиз жылдык мектепте билим алат да, окуусун технологиялык институттун алдындагы химиялык багыттагы №281 атайын билим уясында улантып, аны 1970-жылы аяктаган.

Билими:

  • 1970-1975 — Ленинград мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде билим алган;
  • 1970-жылдын башы менен 80-жылдардын аягында КГБнын Москвадагы №1 жогорку мектебин аяктаган;
  • 1980-жылдары — мамлекеттик коопсуздук органына, алгач Башкармалыктын катчылыгында, андан соң контрчалгын бөлүмүнө которулуп беш айдай эмгектенген. Жарым жылдан соң ыкчам топтун курамына кирүү үчүн кайра даярдыкка жиберилген;

Эмгек жолу:

  • 1981-1985 — Ленинград шаарына кайтып келип, контрчалгын бөлүгүндө иштеген. Андан кийин Москвага кетип, Юрий Андропов атындагы Кызыл Туу институтун аяктаган. Дал ушул учурдан тарта аны Германияга даярдай башташкан;
  • 1983-жыл, 28-июль — стюардесса кесибинин ээси Людмила Шкребнева (кийин Путина) менен баш кошкон. Маалыматтарда алардын тааныштыгы үйлөнүү тойго чейин үч жыл мурда башталганы айтылат;
  • 1985 — улуу кызы Мария Путина жарык дүйнөгө келген. Ага чоң энесинин атын ыйгарышкан;
  • 1985-1990 — Германия Демократиялык Республикасына кеткен. Дрезден шаарында аймактын чалгын кызматында даярдыктан өткөн. Бул мезгилдери подполковник аскердик чинин алган. Өзү кызмат кылган бөлүмдүн начальнигинин улук жардамчысы болуп иштеген.
  • 1986 — кичүү кызы Катерина Путина жарык дүйнөгө келген. Ага таенесинин атын беришкен;
  • 1989 — "ГДРдин улуттук армиясына сиңирген эмгеги үчүн" коло медалы менен сыйланган;
  • 1990 — январда СССРге Германиядан кайтып келип, Ленинград мамлекетик университетинин ректоруна эл аралык маселелер боюнча жардамчы болуп иштеген;
  • Көп өтпөй эле Ленинград шаардык кеңешинин төрагасы Анатолий Собчактын (ал киши 1991-1996-жылдары Санкт-Петербургдун мэри болгон) кеңешчиси болуп дайындалган;
  • 1991 — Санкт-Петербург мэриясынын сырткы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы;
  • 1994 — Санкт-Петербург өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары. Ал муниципалдык кызматка өткөндөн кийин СССРдин КГБ органынан бошонуу боюнча рапорт берген;
  • 1996 — үй-бүлөсү менен Москвага көчүп барат. Россия Федерациясынын президентинин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары. Ушул мезгилден, ушул шаардан анын саясий карьерасы тездик менен өнүгө баштайт;
  • 1997-жыл, март — Россия Федерациясынын президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары, Россия Федерациясынын президентинин көзөмөл башкармалыгынын орун басары;
  • 1997 — Санкт-Петербург мамлекеттик тоо-кен институтунда экономика боюнча кандидаттыгын жактайт;
  • 1998 — Россия Федерациясынын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары;
  • 1998-жыл, июль — Россиянын Федералдык кызматынын директору;
  • 1999-жыл, март — Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы;
  • 1999-жыл, август — Россия Федерациясынын өкмөтүнүн жетекчиси. Бул маанилүү кызматты ага Россиянын ошол кездеги президенти Борис Ельцин сунуштаган. Ал эми 2000-жылдын алдында Ельцин ага Россиянын президентинин милдетин аткарып турууну сунуш кылган;
  • 1999-жыл, 31-декабрь — Россиянын президентинин милдетин аткаруучу;
  • 2000-жыл, 26-март — Россиянын президенти;
  • 2004-жыл, 14-март — Россиянын экинчи ирет президенти;
  • 2008-жыл, 8-май — Россия өкмөтүнүн жетекчиси – премьер-министр;
  • 2012-жыл, 4-март — Россиянын президенти;
  • 2013-жыл, 6-июнь — Кремлдеги мамлекеттик сарайдагы спектакль боюнча пикирин билдирип жатып, жубайлар — Владимир жана Людмила Путиндер ажырашкандыгын айтышкан.
  • 2018-жыл, 18-март — Россиянын президенти.

Кызыкканы:

Лыжа тепкенди, хоккей ойногонду жана балык уулаганды жакшы көрөт.

Дзюдо жана самбо боюнча спорттун чебери. Каратэ боюнча кара курдун ээси.

Маалыматтар http://putin.kremlin.ru сайтынан жана ачык маалымат булактарынан алынды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0