19:13 16 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0865
  • RUB1.0855
ӨКМ кызматкери. Архивдик сүрөт

Жолборсов Нурбек Жаныбекович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба МЧС КР
Таржымал
Кыскача шилтеме алуу
298 0 0

Нурбек Жолборсов 1984-жылы 25-июнда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Жыгач-Коргон айылында туулган. Баштапкы билимди №89 Пазылбек Жуманазаров атындагы орто мектебинен алган.

Билими:

2004 — Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин алдындагы Европалык цивилизациялар институтунун "Дүйнөлүк экономика" факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

2011 — Жаштар министрлигинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн адиси;

2018 — Өзгөчө кырдаалдар министрининин кеңешчиси;

Жаштар жана коомдук көйгөйлөрдү чечүүдө эл аралык жана мамлекеттик бир топ долбоорлорду ишке ашырган. Жеке ишкерлик менен да алектенет.

Министрликтин, облустук администрациянын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү эки уул, бир кыздын атасы.

Белгилер:
Нурбек Жолборсов, Өмүр баяны

ЭҢ МААНИЛҮҮ