Усманова Людмила Юрьевна — өмүр баяны

Жазылуу
Людмила Усманова 1965-жылы 13-мартта Фрунзе шаарында туулган.

Билими:

  • 1989 — Кыргыз мамлекеттик университетин "Укук таануу" адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

  • 1981 – 1985 — Фрунзе шаарынын Октябрь райондук прокуратурасында катчы-машинистка;
  • 1985 – 1989 — Фрунзе шаарынын Октябрь райондук прокуратурасында канцеляриянын башчысы;
  • 1989 – 1990 — Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасында стажер;
  • 1990 – 1994 — Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасында прокурордун улук жардамчысы;
  • 1994 – 1996 — Бишкек шаардык прокуратурасында тергөө бөлүмүнүн прокурору;
  • 1996 – 1998 — Башкы прокуратурада прокуратура менен салык полициясынын кылмыштарды тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору;
  • 1998 – 2000 — Башкы прокуратурада экономикалык кылмыштарды жана коррупцияны тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн ага прокурору;
  • 2000 – 2001 — Башкы прокуратурада экономикалык кылмыштарды жана коррупцияны тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
  • 2001 – 2003 — Башкы прокуратурада укук коргоо органдарынын ишмердигин тескөө секторунун башчысы;
  • 2003 – 2005 — Башкы прокуратурада уюштурууну камсыздоону башкаруу секторунун жетекчиси;
  • 2005 – 2006 — Башкы прокуратурада эл аралык байланыштар, экстрадицияны камсыздоону уюштуруу башкармалыгы бөлүмүнүн башчысы;
  • 2006 – 2007 — Башкы прокуратурада прокуратура органдарынын ишмердигинин мыйзамдуулугун тескөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2007 – 2012 — Башкы прокуратурада кадр башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2012 – 2018 — Башкы прокурордун орун басары.

Кошумча маалыматтар:

  • Юстициянын 1-класстагы кеңешчиси.
Жаңылыктар түрмөгү
0