Токтогазиев Тилек Мурсалиевич — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктогазиев Тилек Мурсалиевич
Токтогазиев Тилек Мурсалиевич  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилек Токтогазиев 1990-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Бир уул. бир кызы бар.

Билими:

2013-жылы Кыргыз-Россия славян университетин "эл аралык мамилелер" адистиги боюнча бүтүргөн. 

Эмгек жолу:

  • 2009 — алгач сүт коктейлдерин сатып, кийин медициналык жабдууларды ташыган "Лависта" ишканасын негиздеген;
  • 2012 — муктаж болгон үй-бүлөлөргө күнөскана иштетүү боюнча социалдык долбоорун баштаган;
  • 2014 — жабык жерде жер-жемиш өстүрүү менен алектенген "Жашыл чарба" компаниясын негиздеген;
  • 2018 — Кыргызстандын күнөсканалар ассоциациясынын төрагасы;
  • 2020-жылдын 22-октябрында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын, Кыргызстандын социалдык ишкерлер ассоциациясынын жана Бишкек ишкердик клубунун мүчөсү.

2017-жылы "Аракет - 2016" улуттук сыйлыгына "Жылдын эмгекчили" номинациясына татыган. Ошол эле жылы Президент Алмазбек Атамбаевдин колунан "Экономикага кошкон салымы үчүн" Ардак грамота алган.

Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0