Молдокулов Замирбек Сарыевич — өмүр баяны

Жазылуу
Замирбек Молдокулов 1964-жылы 9-сентябрда төрөлгөн.

Билими:

  • 1984 – 1988 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктап, экономист адистигине ээ болгон.
  • Эмгек жолу:
  • 09.07.1981 – 10.03.1984 — Алай районундагы "Правда" совхозунда жумушчу;
  • 12.03.1984 – 25.08.1984 — Алай ПМКда кампа башчысынын жардамчысы;
  • 11.10.1988 – 15.12.1988 — Алай ПМКда экономист;
  • 15.12.1988 – 28.01.1991 — Лениндик коммунисттик жаштар союзунун Алай райондук комитетинде экономист;
  • 28.01.1991 – 24.05.1994 — райондук борбордук ооруканада башкы эсепчи;
  • 24.05.1994 – 10.09 2003 — Казыналыктын Алай аймактык бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 1995 – 2000 — райондук кеңештин депутаты болгон;
  • 10.09.2003 – 08.11.2005 — Алай райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси;
  • 08.11.2005 — 09.12.2016 — Алай райондук финансы бөлүмүнүн башчысы;
  • 09.12.2016 – 24.10.2018 — Алай райондук финансы башкармалыгынын башчысы;
  • 2018-жылдын 24-октябрынан тарта Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким.

Сыйлыктары:

Бир катар мамлекеттик мекемелердин Ардак грамоталарын алган. Финансы экономика кызматынын отличниги, Алай районунун "Ардактуу атуулу".

Кошумча маалыматтар:

"Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси" мамлекеттик чини бар.

Кыргыз, орус тилдерин билет.

Жаңылыктар түрмөгү
0