Жапаров Жумадилла Курсанбаевич — өмүр баяны

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЧоң-Алай району. Архив
Чоң-Алай району. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумадилла Жапаров 1971-жылы 17-июнда Ош облусунун Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында туулган.

Билими:

  • 1988 – 1993 — К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун аяктап, окумуштуу агроном кесибине ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 1993 – 1994 — Чоң-Алай райондук жер инспекциясынын адиси;
  • 1994 – 1996 — Жер жана агрардык реформа боюнча борбордун башкы адиси;
  • 1996 – 1999 — Чоң-Алай райондук жерге жайгаштыруу жана жер ресурстары боюнча башкармада башкы инженер;
  • 1999 – 2005 — Чоң-Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнүн башчысы;
  • 2005 – 2014 — Чоң-Алай районуна караштуу Чоң-Алай айылдык аймагынын башчысы;
  • 2015-жылдын июнь айынан тарта Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким;

Сыйлыктары:

  • 2009 — КРдин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин "Муниципалдык кызматтын мыктысы" төш белгиси;
  • 2010 — "КРдин кесиптик кошуунунун мыктысы" төш белгиси;
  • 2012 — Ош облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы;
  • 2013 — КРдин өзүн-өзү башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин Ардак грамотасы;
  • 2013 — КРдин борбордук шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиясынын Ардак грамотасы;

Кошумча маалыматтар:

Кыргыз, орус тилдеринде эркин сүйлөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0