Хет-трик жасаган Виталий Люкс тууралуу эмне белгилүү

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандык футболчу Виталий Люкс
Кыргызстандык футболчу Виталий Люкс - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Виталий Люкс 1989-жылы 27-февралда Кара-Балта шаарында төрөлгөн. Бирок алты жашында ата-энеси менен Германияга көчүп кеткен.

Ар кайсы дивизиондогу немистердин клубдарында ойноп келген.

2009 — FV Weißenhorn;

2009 – 2010 — Tannhausen;

2010 – 2014 — Illertissen 102;

2014 – 2015 — Carl Zeiss Jena;

2015 – 2016 — Nürnberg II 26;

2016 – 2018 — Unterhaching 42;

2018-жылдан азыркыга чейин — SSV Ulm.

Кыргызстандын курамасы менен 2015-жылдын 11-июнунда Бангладештин командасына каршы ойногон (2018-жылдагы дүйнө чемпионатынын тандоо цикли).

2019-жылы Бириккен Араб эмирлигинде өтүп жаткан Азия кубогунун алкагында Кытай командасына каршы оюнда ийгиликсиз соккулары үчүн сынга кабылган. Бирок тайпалык этаптын үчүнчү оюнунда Филиппиндер менен болгон беттеште өзүн мыкты жагынан көрсөтө алды. Ал хет-трик жасап, 3:1 эсебинде Кыргызстандын командасын алдыга сүрөдү. Мындай жыйынтык улуттук команданы плей-оффко чыгарды.

Жаңылыктар түрмөгү
0