Шаршеев Уларбек Зарлыкович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба ГПС КРПредседатель ГПС КР, полковник Уларбек Шаршеев
Председатель ГПС КР, полковник Уларбек Шаршеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уларбек Шаршеев 1974-жылы 17-февралда төрөлгөн.

Билими:

1996 — Ташкент шаарындагы жогорку жалпы аскердик колбашчылык окуу жайын аяктаган.

2011 — Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара академиясын аяктаган.

Эмгек жолу:

Кызматын Коргоо министрлигинин №92784 аскер бөлүгүнүн пулеметтук ротасынын пулеметтук взводунун командири кызмат ордунан баштаган.

1999-жылдан 2017-жылга чейин Мамлекеттик чек ара кызматында ар түрдүү офицердик жана жетекчилик кызмат орундарында кызмат өтөп келген. Чек ара ведомствосунун тарамдарын, бирикмелерин жана түзүмдүк башкармалыктарын башкарган.

02.2017 — Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысы;

2017-жылдын июль айынан бери КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы.

Мамлекеттик сыйлыктары

1999 — "Эрдик" медалы;

2014 — III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0