Жумабеков Сабырбек Артисбекович — өмүр баяны

© Sputnik / Нургуль МаксутоваЖумабеков Сабырбек Артисбекович
Жумабеков Сабырбек Артисбекович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сабырбек Жумабеков 1964-жылы 11-августта Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Сатыкей айылында туулган. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Билими жана ишмердүүлүгү:

1981-1987 — Кыргыз медициналык институтунун студенти;

1987-1995 — Симферополь шаарындагы (Крым, Украина) Крым медициналык институтунун Травматология жана ортопедия кафедрасынын клиникалык ординатору, аспиранты, ассистенти, докторанты;

1995-1996 — Кыргыз курортологиялык жана калыбына келтирип дарылоо институтунун (ККжККДИ) илимий бөлүмүнүн башчысы;

1996 — Саламаттык сактоодо башкаруу жана уюштуруу менен камсыздандыруу медицинасын өнүктүрүүнү ишке киргизүү боюнча Калифорния университетинде стажировкадан өткөн;

1996-2002 — Кыргыз курортологиялык жана калыбына келтирип дарылоо институтунун директорунун орун басары;

1997-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясындагы Травматологиялык, ортопедиялык жана экстремалдык хирургия кафедрасынын профессору;

1999-жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясындагы Травматологиялык, ортопедиялык жана экстремалдык хирургия кафедрасынын башчысы;

2002-2004 — Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Саламаттык сактоо департаментинин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун директору;

2003-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы травматологу жана ортопеди;

2004-жылдан бери Травматологиялык жана ортопедиялык илим изилдөө борборунун директору;

2010-2011 — Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри.

Илимий ишмердүүлүгү:

1991 — (26 жашында) Москва шаарында Протездөө жана протез жасоо борбордук илим изилдөө институтунда кандидаттык диссертациясын жактаган;

1995 — (30 жашында) Москванын Медицина академиясында доктордук диссертациясын жактаган;

2006 — КРдин Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти;

2010 — КР Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөсүнө шайланган;

1997-2018 — Лос-Анжелес, Сан-Франциско, Сан-Диего, Сент-Луис, Гаваи, Лас-Вегас, Чикаго (АКШ), Париж, Марсель (Франция), Берлин, Бохум, Тутлинген, Бранш Вайн, Дюссельдорф (Германия), Москва, Курган, Санкт-Петербург, Новосибирск, Саратов, Самара (Россия), Киев (Украина), Пекин, Лоянь (Кытай), Стамбул (Түркия), БАЭ, Астана, Караганда, Атырау (Казакстан), Турин, Милан (Италия), Маракеш (Марокко), Брюссель (Бельгия), Гётенбург (Швеция) шаарларында өткөн эл аралык конгресстерде, симпозиумдарда жана конференцияларда илимий эмгектерин баяндаган;

1996-1999 — Борбордук Азияда жана Казакстанда биринчи жолу омурткалар патологиясын дарылоонун, ири муундарды эндопротездөөнүн микрохирургиялык ыкмаларынын дүйнөлүк стандарттарын иш жүзүнө ашырган;

1999 — Сидней шаарында (Австралия) ортопед-травматологдордун дүйнөлүк конгрессинде үч доклад жасаган;

1999 — Ортопед-травматологдордун бүткүл дүйнөлүк илимий коомунун мүчөсү;

2007 — Мароккодо ортопед-травматологдордун бүткүл дүйнөлүк конгрессинде эки доклад жасаган;

2007 — Брюссель шаарындагы Evrospain конгрессинде эки доклад жасаган;

2008 — Гонконгдо тогуз ирет доклад окуган;

Ошондой эле 461 илимий эмгектин автору. Анын ичинде 101 ойлоп табуучулук жана 25 рационализатордук сунуштары болгон.

Медицина илиминин 40 докторун жана кандидатын даярдап чыгарган;

Үч монографиянын автору: "Ички сөөктүк дистрактор менен сан сөөгүн узартуу" (2003-жылы), "Микрохирургиялык дискэктомия жана омуртканын куймулчак бөлүгүнүн чуркусунун эпидуралдык мейкиндигиндеги экинчилик жарааттар-биригүү процессин дарылоо" (2004), "Омуртканын төш, бел бөлүгүндөгү дегенеративдик бузулууларын жана анын кесепеттерин хирургиялык дарылоо" (2008).

Ишке киргизген эмгектери:

— Скелеттин узун сөөк сыныктарын заманбап дарылоо;

— Сөөк-аралык компрессиондук-дистракциондук остеосинтез аппараты менен бийик тоолук шарттарда, сөөк фрагменттерин фиксациялоодо жана дистракциялоодо биринчи жолу узун түтүктүү сөөктөрдүн репаративдик регенерациясынын өзгөчөлүктөрү изилденген. Эксперименталдык иш иттерде сөөк сыныктарын фиксациялоодо жана дистракциялоодо жүргүзүлгөн (Төө-Ашууда, 3200 м);

— Сан сөөгүнүн проксималдык бөлүгү сынууда жаңы түзүлүштөр менен оперативдик дарылоо жолдорун иштеп чыгып ишке киргизген;

— Остеомиелитти дарылоодо хирургиялык жаңы ыкманы иштелип чыгып ишке киргизген (3 патент алынган);

— Омуртканын жабыркоосун оперативдүү дарылоонун жаңы ыкмаларыин иштеп чыгарган, ишке киргизген (5 патент алынган);

— Микрохирургиялык дискэктомия жана омуртканын куймулчак бөлүгүнүн чуркусунун эпидуралдык мейкиндигиндеги экинчилик жараттар-биригүү процессин дарылоо ыкмасын иштеп чыгарган жана ишке киргизген (2 патент);

— Бийик тоолук шарттарда жаракат алуудан кийинки регенерация жана сөөк тканынын микроэлементтик курамы изилденген;

— Балдарда Пертес дартынын оперативдик дарылоосун иштеп чыгып ишке киргизген (2 патент);

— Таман сөөгүнүн компрессиондук сынууларына түзүлүштөр жана оперативдүү дарылоо жолу иштелип чыгып ишке киргизилген;

— Ийин сөөгүнүн башы сынууда оперативдүү дарылоонун жаңы ыкмалары иштелип чыккан жана ишке киргизилген;

— Чыканак муунунун сөөктөрүнүн сыныгын оперативдүү дарылоонун жаңы ыкмалары иштелип чыккан жана ишке киргизилген;

— Тизе муундун деформацияланган артрозун оперативдүү дарылоонун жаңы ыкмалары иштелип чыккан жана ишке киргизилген;

— Тубаса май тамандуулукту оперативдүү дарылоонун жаңы ыкмалары иштелип чыккан жана ишке киргизилген;

Сыйлыктары жана наамдары:

1990 — Донецк шаарында (Украина) Жаш окумуштуулардын жана адистердин үткүл союздук конкурсунда экинчи орун;

1991 — Крым республикасында (Украина) жаш ойлоп табуучулар жана рационализаторлор конкурсунун жеңүүчүсү;

1995 — "Манас эпосуна 1000 жыл" (Кыргызстан) медалы менен сыйланган;

1996 — Санта-Круз (АКШ) шаарынын ардактуу тургуну;

1999 — "Намыс" (Кыргызстан) эл аралык сыйлыгынын лауреаты;

2000 — Кыргыз Республикасынын Ардак грамотаты;

2000 — "Илим жана жаңы технологиялар" номинациясы боюнча КРдин жаштар сыйлыгынын лауреаты;

2005 — "Айкөл Манас" сынагында "Жыл адамы", "Жылдын мыкты хирургу" номинациясы (Европалык долбоор);

2006 — КРдин "Эмгек сиңирген дарыгери" наамы;

2006 — эл аралык "Руханият" сыйлыгы;

2007 — Пирогов ордени (Россия);

2007 — "Остеосинтез" эл аралык журналынын редколлегия мүчөсү;

2008 — Парламенттик борбордон (Россия) медицинага эмгек сиңиргени үчүн орден;

2008 — Мустафа Кемаль Ататүрктүн илим жана техника тармагындагы Эл аралык "Алтын колдуу хирург" алтын медалынын ээси;

2008 — эл аралык планетаризм институту бир жылдызга "Сабырбек Жумабеков" атын ыйгарган (USA, Illinois);

2008 — Сент-Луис университетинин Ардактуу профессор наамы жана "Профессор-визитер" диплому. (АКШга иштөө сунушу да айтылган)

2008 — КРдин Сапат сыйлыгынын лауреаты;

2008 — КРдин илимге эмгек сиңген ишмери;

2008 — Ортопедия тармагындагы өзгөчө сиңген эмгеги үчүн Кембридж биографиялык борборунун ордени менен сыйланган;

2009 — Миссури штатынын ортоперддер, травматологдор ассоциациясынын ардактуу мүчөсү;

2009 — Дүйнөлүк ортопедия жана травматология тармагында көрүнүктүү салымы үчүн Америка биографиялык институтунун алтын медалы;

2010 — БУУга (Женева) караштуу Бүткүл Дүйнөлүк Интеллектуалдык менчик алтын медаль;

2011 — Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) өлкөлөрүнүн катышуучуларынын илим жана техника тармагындагы Эл аралык "Шериктештик жылдыздары" сыйлыгынын лауреаты;

2011 — КРдин илим жана техника тармагында мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты;

2012 — аскердик медицинадага сиңирген эмгеги үчүн россиялык афган ардагерлери союзунун медалы;

2012 — Казакстан Республикасынын саламаттык сактоо тармагын өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн медаль;

2013 — Кытай Эл Республикасынын премьер-министри тарабынан саламаттык сактоо тармагына кошкон салымы үчүн "Жибек Жолу" алтын медалы;

2013 — Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаевдин жарлыгы менен "Достык" медалы ыйгарылган;

2015 — Бишкек шаардык депутатар кеңешинине токтому менен "Бишкек шаарынын ардактуу тургуну" наамы ыйгарылган;

2017 — Кувейттеги "Ойлоп чыгаруучулардын тогузунчу эл аралык көргөзмөсүндө" беш күмүш сыйлыктын ээси;

2017 — КРдин президентинин жарлыгы менен II даражадагы Манас ордени.

Ошондой эле ЖМКлар тарабынан бир нече ирет сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0