Абдыкеримов Канатбек Абдыжапарович — өмүр баяны

Жазылуу
Канатбек Абдыкеримов 1967-жылы 20-майда Фрунзе шаарында туулган.

© Пресс-служба президента КРГенеральный директор ГП "Кыргыз темир жолу" Канатбек Абдыкеримов
Генеральный директор ГП Кыргыз темир жолу Канатбек Абдыкеримов - Sputnik Кыргызстан
Генеральный директор ГП "Кыргыз темир жолу" Канатбек Абдыкеримов
Билими:

1984 – 1991 — Москвадагы ветеринардык академиясын зооинженердик факультетин айыл чарбасын пландаштыруу боюнча окуп, зооинженер адистигине ээ болгон;

2001 – 2002 — Япония Өкмөтүнө караштуу JICA – Япон Эл аралык Кызматташуу агенттиги, Транспорт тармагында окутуусунан өткөн;

2011 – 2015 — Кыргыз Улуттук агрардык университетинин Ташууларды уюштуруу жана транспортто башкаруу факультетин аяктап, уюштуруу жана башкаруу боюнча инженер адистигине ээ болгон.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1991 – 1993 — "Азия Инвест" компаниясы, менеджер;

1993 – 1997 — "Таалай" өндүрүштүк-коммерциялык фирмасы, директордун орун басары;

1997 – 1999 — Бишкек шаардык мэриясынын Свердлов райондук мамлекеттик администрациясы, соода, тейлөө жана ишкерликти өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси;

1999 – 2001 — "Таалай" өндүрүштүк-коммерциялык фирмасы, башкы директордун орун басары

2001 – 2008 — КР өкмөтүнүн аппараты, референт, курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн эксперти;

2008 – 2018 — "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын темир жолдорду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын директору.

2018-жылдын октябрынан тарта "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын директору.

Жаңылыктар түрмөгү
0