Кадыралиева Ыргал Кармышаковна — өмүр баян

© Sputnik / Табылды КадырбековКадыралиева Ыргал Кармышаковна
Кадыралиева Ыргал Кармышаковна - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыргал Кадыралиева 1981-жылы 2-августта Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган. Жогорку билимдүү, ОшМУнун филология факультетин аяктап, кийин юридика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

2003-2005 — Куршаб айылындагы Абдулла Тангатаров атындагы гимназияда мугалим;

2003-2006 — Ош мамлекеттик университетинде аспирантурадан окуган;

2005-2008 — Ош облустук билим берүү бөлүмүндө жетектөөчү адис;

2010-2015 — Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты;

2016 — "Ала-Тоо" университетинин ректорунун кеңешчиси;

Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.

Мамлекеттик чини:

III класстагы мамлекеттик кеңешчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0