Бегимай Карыбекова. Өмүр баяны

© Фото / Рустам ТалиповКыргызстандын модель Бегимай Карыбекова. Архив
Кыргызстандын модель Бегимай Карыбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бегимай Карыбекованын өмүр баянын жана моделдик жолун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Бегимай Карыбекова 1998-жылы 3-сентябрда Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында туулган.

Билими:

Тоголок Молдо айылындагы Жоробек Сатылганов атындагы мектепте 9-класска чейин окуп, андан соң Кыргызстан Эл аралык университетинин колледжин бүтүргөн. Учурда аталган университеттин дипломатия факультетинин 3-курсунун студенти.

Моделдик жолу:

14 жашынан тарта  Кыргызстандын ичиндеги жана чет өлкөлөрдөгү сулуулар сынагына катышып, россиялык "Kate Models" агенттиги менен иштешкен;

2014 — "Кыргызстан сулуусу" сынагында "Мисс гламур" номинациясы, "Мисс бикини КМШ" эл аралык конкурсунда III вице-мисс;

2015 — Эл аралык "Мисс Кейт", "Мисс туризм" сынактарында I вице-мисс;

2016-жылы — Германияда өткөн "Дүйнөнүн топ модели" сынагында 50 кыздын арасынан алдыңкы жетинчи орунга илинген. "Miss Intercontinental — 2016" сынагынын катышуучусу;

2017 — "Кыргызстан сулуусу" титулунун ээси. "Дүйнө сулуусу — 2017" сулуулар конкурсуна жолдомо алып, бирок Кытайдын Бишкектеги элчилиги виза берүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу бара албай калган.

2018 — "Аалам сулуусу — 2018" дүйнөлүк сулуулар сынагына жолдомо уткан;

Турмушка чыга элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0