Турдушаева Анжелика Кайратовна — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековЭстрадалык ырчы Анжелика Турдушаева. Архив
Эстрадалык ырчы Анжелика Турдушаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эстрадалык ырчы Анжелика Турдушаева 1989-жылы 12-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн.

Билими:

1-5-класска чейин Мукаш Абдраев атындагы музыкалык интернаттан кыл кыяк боюнча билим алган;

11-классты борбодогу №38 орто мектебинен аяктаган;

2007-2013-жылдары Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин алдындагы жаңы маалымат технологиялар институтунун экономика бөлүмүн бүтүргөн.

Чыгармачылык жолу:

1997-жылы чоң сахнага "Айчүрөк" эстрада театрынын курамында чыккан;

2007-жылдан тарта жеке ырчы катары эмгектене баштаган;

2017-жылдан тарта Коомдук телерадио корпорациясындагы "Бактылуу айым" берүүсүнүн алып баруучусу

Сыйлыктары:

2009-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган;

Ушул эле "Жылдыздар манежде" шоу сынагынын жеңүүчүсү аталган.

Үч кыздын энеси. Ишкерлик менен алектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0