Иминов Фархат Ажмуханбетович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековИминов Фархат Ажмуханбетович
Иминов Фархат Ажмуханбетович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фархат Иминов 1975-жылы 8-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн.

Билими:

1992-1993 — Далдалчылык жогорку мектебине биржалык далдалчы адистиги боюнча билим алган;

1992-1997 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бухгалтердик эсеп, финансы жана кредит адистиги боюнча аяктаган;

2012-2015 — Чүй университети, муниципалдык башкаруу адистиги;

Эмгек жолу:

1998-2004 — "Булгаары" кыргыз-казак-америкалык ишканасында булгаары сырьёсун даярдоочу;

2005-2007 — "Эннио" ЖЧКсында башкы директор;

2007-2009 — "Монгол" ЖЧКсында башкы директор;

2009-2012 — "Finance F" ЖЧКсында PR жана тышкы экономикалык бөлүмүнүн директору;

2012-2013 — "Россиялык өндүрүүчүлөрүнүн холдинги" ЖЧКнын түзүүчүсү.

2008-2012 — Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Бишкек шаардык Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча комиссиянын орун басары;

2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Республика- Ата Журт" партиясынан депутат болуп келген.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0