Абжалиев Алиярбек Токобекович — өмүр баяны

Жазылуу
Алиярбек Абжалиев 1967-жылы 5-ноябрда Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында төрөлгөн.

Билими:

1991 — Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика жана материалдык жабдууну үнөмдөө жана пландаштыруу адистиги боюнча билим алган;

1996 — Кыргыз мамлекеттик университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган;

2005-2007 — КР Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер адистиги боюнча толук курсун бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1992 — Ош облусунун "Кеңеш" совхозунун бухгалтери;

1992-1993 — Ош шаарынын "Арча" атындагы соода тармагынын экономисти;

1993-2000 — Ош облусунун бириккен бажысынын "Эркеч-Там" постунда башкы инспектор, жетекчи орун басары, жетекчи;

2000-2004 — Бажы кызматынын Баткен облусундагы бөлүмүнүн жетекчи орун басары, жетекчиси;

2004-2005 — "Манас" аэропорт бажысынын жетекчиси;

2005-2007 — КР Жогорку Кеңешинин депутаты;

2008-2012 — КР өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;

2015-жылдан бери КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутат.

Төрт баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0