Алагөзов Аскат Жумакадырович — өмүр баяны

© Фото / предоставлено Аскатом Алагозовым"Пирамида" медиахолдингинин директорлугуна дайындалган Аскат Алагөзов
Пирамида медиахолдингинин директорлугуна дайындалган Аскат Алагөзов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскат Алагөзов 1984-жылы 18-июнда Тоң районунун Кызыл-Туу айылында жарыкка келген.

Билими: жогорку

2001-2006 — Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана адабият факультетинде окуган (кыргыз тил жана адабият мугалими адистиги)

2011-2014 – президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистигине ээ болгон.

1991-2001- жылдары Бишкек шаарындагы №50 орто мектепти аяктаган.

Эмгек жолу:

2006-жыл, март — июль — Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин маалымат кызматы, референт;

2006-жыл, июль — 2007-жыл, декабрь — КТРКнын "Кабарлар" радио берүүлөрүндө кабарчы;

2008-2012 — "5 канал" телекомпаниясында журналист-баяндамачы, атайын кабарчы, жаңылыктардын алып баруучусу;

2012- 2016 — "5 канал" телекомпаниясынын түз эфириндеги берүүлөрдүн продюсери;

2016-жылдын март айынан тарта — "Пирамида" медиа холдингинин директорунун орун басары;

2017-жылдын 20-декабрынан тарта — "Пирамида" медиа холдингинин директору

Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0