Улукбеков Эрлан Улукбекович — өмүр баяны

© Фото / спортивный клуб "Жаш-Куч"Улукбеков Эрлан Улукбекович
Улукбеков Эрлан Улукбекович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эрлан Улукбеков 1994-жылы 22-ноябрда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодский айылында туулган.

Билими:

2010-жылы — Беловодский айылындагы Курманбек Сыйданов атындагы мектепти аяктаган;

2014-жылы — Борбор калаадагы компьютердик колледжди аяктаган;

Жетишкендиктери:

2013 — Alash Pride эл аралык турниринин жеңүүчүсү;

2014 — Панкратион боюнча Венгрияда өткөн дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болгон;

2014 — Кулатуу боюнча Азия чемпионатында коло медаль ээси;

2015 — WEF Selection 2, WEF Global 3, WEF Proffight 4, WEF Global 5 эл аралык турнирлеринин жеңүүчүсү;

2015 — JFC ММА 1, JFC ММА 2 эл аралык турнирлеринин жеңүүчүсү;

2017 — WFCA 33 эл аралык турниринин жеңүүчүсү;

2017 — JFC MMA 3 эл аралык турниринин жеңүүчүсү;

"Жаш-Күч" спорттук клубунун мүчөсү, машыктыруучулары — Александр Воинов менен Турсунбек Асылгазиев.

Бою — 177 сантиметр

Салмагы — 70 килограмм

Үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0