Мамытов Токон Болотбекович — өмүр баяны

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов. Архив
Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токон Мамытов 1953-жылы 18-декабрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган.

Билими

  • 1979-жылы — Пржевальск педагогикалык институтун аяктаган;
  • 1980-1981 — Минск шаарындагы СССРдин КГБсынын жогорку курсунда окуган;
  • 1987-жылы — Андропов атындагы СССР КГБсынын Кызыл Туулуу институтун аяктаган.

Эмгек жолу

  • 1972-1974 — Советтик Армияда кызмат өтөгөн;
  • 1974-1975 — Ысык-Көл ПМКсында слесарь;
  • 1979-1980 — Пржевальск шаардык элдик билим берүү бөлүмүндө методист;
  • 1981-1992 — Ысык-Көл облусу боюнча КГБ башкармалыгында ыкчам-тергөө иштери боюнча ага кызматкер, бөлүмдүн начальниги;
  • 1992-1992 — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Кочкор райондук бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 1992-1997 — УКМК, Улуттук коопсуздук министрлигинде начальниктин орун басары, бөлүмдүн начальниги, башкармалыктын начальниги;
  • 1997-2002 — Улуттук коопсуздук министринин орун басары, башкармалыктын жетекчиси;
  • 2002-2002 — Коргоо министринин орун басары;
  • 2002-2005 — Улуттук коопсуздук кызматынын орун басары жана биринчи орун басары;
  • 2005-2007— Президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары, канцелярия жетекчиси;
  • 2007-2008 — Коргоо кеңешинин катчысы;
  • 2008-2009 — Президенттик администрацияда мамлекеттик кеңешчи;
  • 2009-2009 — Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
  • 2010-2013 — Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты;
  • 01.2013-05.2013 — Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
  • 05.2013-06.2013 — Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлү;
  • 06.2013-04.2014 — Вице-премьер-министр
  • 06.2014- 04.2015 "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун төрагасы;
  • 2016-жылдын апрель айынан тарта Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы;
  • 2016-жылдан май айынан тарта премьер-министрдин кеңешчиси;
  • 27.09.2018 — КР акыйкатчысы.

Саясат таануу илимдеринин доктору, генерал-лейтенант, 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0