Айтбекова Назира Темирбековна — өмүр баяны

© Sputnik / Жоомарт УраимовАлып баруучу Назира Айтбекова. Архив
Алып баруучу Назира Айтбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Назира Айтбекова 1985-жылы 7-ноябрда Бишкек шаарындагы Аламүдүн районунда туулган. Атасы Темирбек Айтбеков үйлөмө аспапта, апасы Нургүл Дөөлөтбаева комузда кол ойноткон чыгармачыл адамдар. Назира — ата-энесинин жалгыз баласы.

Учурда бир уулдун энеси.

Билими:

1992-1994-жылдары Балыкчы шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы №10 мектепте, 1994-1997-жылдары Саякбай Каралаев атындагы мектепте, 1997-2002-жылдары Ленин атындагы гимназияда билим алган;

2002-2007-жылы Эл аралык "Ата түрк Ала-Тоо" университетинин филология факультетин аяктаган.

Иш тажрыйбасы:

2005-2007-жылы "Хит Парад" программасында алып баруучу;

2007-жылы, март-август айында "Ала-Тоо" маалымат программасында журналист, диктор;

2008-2009-жылы "Браво" теледолбоорунда алып баруучу;

2007-2008-жылдары Эл аралык "Ата түрк Ала-Тоо" университетинде проректордун маданий иштери боюнча ассистенти;

2008-жылы Түркиянын "TRT AVAZ" телерадиокомпаниясыдагы "Ата Журт" долбоорунун алып баруучусу, редактор;

2008-жылы Кыргыз радиосунундагы "Хит парад" берүүсүндө ди-джей;

2009-2014-жылдары Коомдук телерадиокорпорациясындагы "Замана", "Аалам сырлары", "Алтынчы күнү кечинде" телеберүүлөрүндө эмгектенген;

2012-жылы Түркиянын "ТРТ Аваз" телерадиокомпаниясындагы "Конугумуз синема" долбоорунда алып баруучу;

2012-2014-жылдары Түркиянын "ТРТ Аваз" телерадиокомпаниясындагы "Жаңы ата журт" берүүсүнүн алып баруучусу;

2015-2016-жылы "Kg тай" теледолбоорунда алып баруучу;

2016-жылы "Миң кыял ФМ" радиосунундагы "Энердрайв" берүүсүндө ди-джей.

Алып барган иш-чаралары:

2008-жылы Түркияда өткөн түрк тили боюнча эл аралык олимпиада;

2008-жылы Эл аралык "Чолпон жылдыз" фестивалы;

2011-жылы Бишкекте өткөн эл аралык "Евразия жылдызы" фестивалы;

2011-2012-жылы Чолпон-Атада өткөн эл аралык "Ысык-Көл" фестивалы;

2013-2015-жылы эл аралык "Мейкин Азия" фестивалы;

2016-2017-жылы Казакстанда өткөн "Астана — Архау" эл аралык фестивалы.

Фильмографиясы:

2012-жылы "Быйыл сөзсүз күйөөгө тием", режиссёру Динара Эсенгулова;

2013-жылы "Быйыл сөзсүз күйөөгө тийем 2", режиссёру Динара Эсенгулова;

2013-жылы түрк режиссеру Хамди Алкандын "Селам Бахара Йолжулук" фильми;

2013-жылы "Көк-Салкын", режиссеру Тилек Чериков;

2014-жылы "Көк-Салкын 2", режиссеру Тилек Чериков;

2015-жылы "Шайлоо — жайлоо" фильминде башкы ролдордун бири;

2011-2016-жылы "Китептер дүйнөсүнө саякат" мультфильминде Чыпалактын үнүн коштогон;

2017-жылы "Эл эмне дейт " скетч-шоусунда актриса;

Жаңылыктар түрмөгү
0