Абдыкаров Алмазбек Акбаралиевич. Өмүр баяны

© Пресс-служба правительства КРАрхитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаров
Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Абдыкаров 1977-жылы 18-мартта Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1997-жылы Бишкек архитектура-курулуш техникумун, 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин архитектура факультетин аяктаган. Жогорку билимдүү.

Эмгек тажрыйбасы:

  • 2001 – 2002 — Бишкек башкы архитектурасынын курулуш бөлүмүнүн архитектору;
  • 2002 – Бишкек шаарындагы Октябрь районунун башкы архитекторунун милдетин аткаруучу;
  • 2002 – 2004 — Бишкек башкы архитектурасынын илим-техника бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2004 — Бишкек башкы архитектурасынын Архитекторлордун райондук башкармалыгынын аткаруучу архитектору;
  • 2004 – 2005 — Бишкек башкы архитектурасынын илим-техника бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2005 – 2008 —Октябрь районунун башкы архитектору;
  • 2008 – 2011 — Ош шаарынын башкы архитектору — шаардык курулуш башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2011 – 2013 —Бишкек башкы архитектурасынын жетекчиси — Бишкектин башкы архитектору;
  • 2015-жылдан азыркы мезгилге чейин — Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары.
Жаңылыктар түрмөгү
0