Артыковду медалдан ажыраткан стрихнин деген эмне?

© Sputnik / Табылды КадырбековВстреча бронзового призера Олимпиады в Рио Иззата Артыкова и тренера в аэропорту "Манас"
Встреча бронзового призера Олимпиады в Рио Иззата Артыкова и тренера в аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стрихнинди ашыкча пайдалануу тарамыштардын түйүлүшүнө алып келет.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Бейшемби күнү Соттук арбитраждык сот оор атлетчи Иззат Артыковду Рио Олимпиадасында ээ болгон коло медалынан ажыратты.

Ага допинг текшерүүнүн натыйжасында спортчунун канынан табылган стрихнин каражаты себеп болду. 

Sputnik Кыргызстан аталган каражат тууралуу маалымат сунуштайт.

Тяжелоатлет из Кыргызстана Иззат Артыков на XXXI летних Олимпийских играх в Рио-де-Жанейро в весовой категории до 69 кг. - Sputnik Кыргызстан
Иззат Артыковдун машыктыруучусу допинг жөнүндө: мындай болушу мүмкүн эмес болчу
Стрихнин — Азия менен Африка чөлкөмүндө өсүүчү чилибуханын уругу. Медицинада азоткычкылдуу туз — стрихниндин нитраты пайдаланылат. Аталган каражат борбордук нерв системасын дүүлүктүрүүгө жөндөмдүү келет, башкача айтканда, адамдын рефлектордук реакциясы күчөйт. Ал сезүү органдарына таасир этип, сөөктөрдү кыймылдатуучу жана дем алуу борборлорун дүүлүктүрөт.

Стрихнинди ашыкча пайдалануу тарамыштардын түйүлүшүнө алып келет. 20-кылымда аталган каражатты спортто, өзгөчө велоспортто алдуу-күчтүү болуу үчүн колдонуп келишкен. Ал эми азыркы күндө кеңири тарабаса да, аны айрымдар пайдалануудан баш тартпайт.

Мындан тышкары, стрихнинди мышьяк, коргошун, сары же ак фосфор жана таллий сульфаттын кошулмасынан даярдалуучу уунун курамына кошулат.

Иззат Артыковдун Олимпиададагы таймаш ирмемдерин Sputnik Кыргызстан даярдаган сүрөт түрмөктөн көрсөңүз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0