04:53 28 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.4683
  • RUB1.0646
Таржымал
Кыскача шилтеме алуу
731 0 0

1993-жылы 22-февралда Жалал-Абаддын Аксы районуна караштуу Мукур айылында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. Кесиби боюнча юрист. 2015-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн. 2016-жылы КМЮАнын магистратурасын аяктаган. "Парламенттик журналистика мектебин" окуган.

Эмгек жолу:

 

  • 2012-2015 — "Санжыра" радиосунун музыкалык алып баруучусу;
  • 2014-2015 — "Манас Жаңырыгы" радиосунун музакалык алып баруучусу;
  • 2014-2015 — "Кыз-жигит" гезитинде кабарчы;
  • 2015-2016 — "Манас Жаңырыгы" ТРКсындагы "Юрист жооп берет", "Бетме-бет" телекөрсөтүүлөрүнүн автору, алып баруучусу;
  • 2015-2016 — Адвокаттын жардамчысы;
  • 2015-жылдын сентябрь айынан тарта Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын "Жарандык процесс жана нотариат" кафедрасынын мугалими;
  • 2016-жылдын март айынан тарта Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы;

 

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. "Малайзиянын соттук реформа жаатындагы тажрыйбасын үйрөнүү" боюнча КРдин делегациясынын мүчөсү. БУУ өткөргөн "Укуктун үстөмдүк кылуусу деген эмне?", Жогорку соттун алдындагы Конституциялык палата уюштурган "Конституция менин укуктарымды кантип коргойт?" сынактарынын жеңүүчүсү. 

Негизги темалар — саясат, сот, укук темасы, криминал.

Исмаил Мамытов 2018-жылдын 19-июлунда оорудан улам 25 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. 

Белгилер:
Исмаил Мамытов

ЭҢ МААНИЛҮҮ