Түгөлбай Сыдыкбеков — өмүр баяны

© Sputnik / Чернов / Медиабанкка өтүүПрозаик Түгөлбай Сыдыкбеков жана жазуучу Чынгыз Айтматов. Архив
Прозаик Түгөлбай Сыдыкбеков жана жазуучу Чынгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жазуучу, романист Түгөлбай Сыдыкбековдун өмүрү жөнүндө Sputnik таржымалынан таанышыңыз.

Түгөлбай Сыдыкбеков — ХХ кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон Кыргыз эл жазуучусу, академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры. Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. 

1928–1931-жылдары Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек шаарындагы) айыл чарба техникумунда, 1931-жылы Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтунда окуган. 

© Sputnik / Юрий Каплун / Медиабанкка өтүүЖазуучу, романист Түгөлбай Сыдыкбеков сүрөттө
Картина Портрет писателя Т. Сыдыкбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазуучу, романист Түгөлбай Сыдыкбеков сүрөттө

1931–1936-жылдары "Ленинчил жаш" гезитинде бөлүм башчы, 1937–1947-жылдары Кыргызстан Жазуучулар Союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи, 1936-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Өзүнүн чыгармачылык аракетин адегенде ыр жазуу менен баштаган. 1930-жылы 1-май күнү "Ленинчил жаш" гезитине "Булар кимдер?" деген ыры жарыяланган. Андан бир аз өтпөй "Чал комузу" аттуу поэмасын жазып, "Чабуул" журналына бастырган. Алгачкы "Күрөш" аттуу ырлар жыйнагы 1933-жылы жарык көрүп, "Баатырлар" (1936), "Акын-булбул" (1938) аттуу ырлар поэмалар, жыйнактары жарыяланган кезде эле автор, проза жанрында активдүү иштей баштаган. 

Жазуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Райкан Шүкүрбеков — өмүр баяны
Поэтикалык чыгармаларында Түгөлбай Сыдыкбеков калемдештери сыяктуу эле ошол учурдагы кыргыз жергесине, элдин турмушуна кирип жаткан жаңылыктарды, социалисттик коомдун артыкчылыгын, жаңы түзүүчүлүк эмгегин, жаңы мамилелерин чагылдырууга аракеттенди. Муну жаш автордун ошол кезде жазган ырларына койгон аттарынын өзү эле ("Кедейлер Артель болушту", "Радио жаңы айылда", "Кетмен күүсү", "Микрофон ырдады", "Басмакана", "Маданият өзгөрдү", "Кечээки чыйыр-бүгүн даңгыр Памир") ачык көрсөтүп турат. 

"Теримчилер", "Түн жарчысынан кабар" поэмалары 30-жылдардагы турмуш чындыгынан алынган.

"Капкакбай" поэмасында автор жомоктордо айтылган Калпакбай аттуу сараң байдын образын түзүүгө аракеттенген. Байдын сараңдыгы ушунча — ал өзү да жебейт, элге да эч нерсени ыраа көрбөйт, ал түгүл балалуу болгондо ага той берүүдөн да кызганат. Жек көрүмчү шүмшүккө айланган Капкакбайды өлгөндө сөөгүн жер да, көр да, көл да кабыл албайт, акыры сууга агызып жиберүүгө аргасыз болушат. Автор бул чыгармасын жыйырманчы жылдардын аягында жазып, бирок жарыкка чыга электе кол жазмасы жоголуп кеткенден кийин, анын экинчи вариантын түзгөн. Адам өмүрүнүн түпкү маңызы — ушул жарыкчылыкта, тирүүчүлүктө ак эмгегинин үзүрүн көрүү. Ал эми байлыкты күтүп сараң, зыкым болуудан өткөн ыплас эч нерсе бул дүйнөдө жок. "Капкакбай" поэмасында мына ушул элдик идея берилген. Ушул эле ой автордун "Ач көз ата" поэмасында да чагылдырылган. Поэма элдик жомоктун негизинде жазылган. "Башы кара, эти ала, ырысы жок, ырыс качырат" деп өз баласын журтка таштап көчө качкан бай кийин бүт дүнүйө-мүлкүнөн, малынан ажырап өлө турган болгондо кайра ошол баласына келип корголоп, жан сактап калат. Адам өз мээнети, өз эмгеги менен ырысты, бактысын өзү жаратып туруу керек, ошондо гана адам ырахат алып, жашоосун жагымдуу өткөрөт деген идея бул жомоктун негизги тыянагы. 

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сүйүнбай Эралиевди көрүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сүйүнбай Эралиев. Өмүр баяны
Октябрь революциясына чейинки кыргыз эмгекчилеринин башынан өткөн оор күндөрдү Сыдыкбеков өзүнүн "Көкөй кести" аттуу көлөмдүү поэмасында баяндаган. Муну автор 1931-жылы жана 1959-60-жылдары жазган, мындайча айтканда, кийинки редакциясында коомдук-социалдык маселелер козголуп, сюжеттик өзөк Медет аттуу жигиттин, анын сүйгөнү Берметтин жана алардын каршысындагы Карабек байдын тегерегиндеги окуяларга негизделген. Чыгарманын сюжеттик негизин социалдык, башкача айтканда адам укугу жөнүндөгү проблема түзөт.

Ал поэтикалык чеберчиликке керектүү мазмун менен форманын биримдигине "Радио жаңы айылда", "Окуу", "Ажал менен алышканда", "Жүрөгүм энем", "Ленинди чалдар айтышат" сыяктуу ырларында жетише алган.

Сыдыкбековдун поэтикалык чыгармаларына караганда анын ошол эле отузунчу жылдары жазган прозалык чыгармалары кыргыз совет адабияты үчүн чоң окуя болгондугу азыр жалпыга белгилүү. Анын 1934-1935-жылдардан баштап жазып, 1937-1938-жылдары жана айрым бир редакциялоодон кийин 1940-1941-жылдары жарыкка чыгарган "Кең-Суу", 1939-1940-жылдары бүтүргөн "Темир" романдары кыргыз совет адабиятындагы реалисттик роман жанрынын табиятына белгилүү деңгээлде жооп берип, анын дарбазасын ачышкан чыгармалар.

Кийинчерээк жазуучу "Кең-Суу" романына кайтадан кайрылып, аны толуктап, эпикалык масштабын кеңейтип, бир катар образдарды кайрадан иштеп, жаңы образдарды киргизди. Кыскасы, кыргыз элинин жаңы коомго өтүү процессинин татаал диалектикасын кеңири ачып, чыгарманы жаңы идеялык-эстетикалык бийиктикке көтөрдү. Романга "Тоо арасында" деген жаңы ат берип,1-китеби 1955-жылы, 2-китеби 1958-жылы жарыкка чыкты.

Блокнотко жазып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абдрасул Токтомушев. Өмүр баяны
Отузунчу жылдары Сыдыкбеков прозанын чаканыраак түрүнө кайрылып, бир катар аңгеме, очерктерди да жазган. Алардын ичинде "Ала-Тоодон алтоо", "Абысындар" аттуу документалдуу аңгемелери ошол кездеги маанилүү окуяларга арналган. Биринчи аңгемеде Кыргызстан комсомолунан тарбияланган алдыңкы жаштардын Фрунзе — Москва маршруту боюнча лыжалык жүрүшкө чыгып, 4000 чакырым аралыкты басып өткөн эрдик иштери сүрөттөлсө, экинчи аңгемеде ошол кездеги атактуу кызылчачы Шайырбүбү Тезекбаеванын күжүрмөн эмгеги баяндалган.

Аңгеме, очерк жазууну Сыдыкбеков Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында андан ары активдүү улантып, "Пайдага чечилген чатак", "Тарбия", "Замбирекчилер", "Күтүү", "Кайрат", "Эл оозунда" сыяктуу чыгармаларды жаратты.

1943-жылы анын "Согуш күндөрүндө" аттуу китеби жарык көрүп, Рахматуллин менен бирге жазган "Манас жана Алмамбет" пьесасы 1943-1946-жылдары Крупская атындагы республикалык мамлекеттик драма театрында коюлган. Мындан тышкары, согуш турмушунан алып "Майдандан", "Кыштактын ээлери" аттуу бир-эки көшөгөлүү пьесаларды жараткан.

Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы кыргыз колхоздорунун турмушунан алып "Биздин замандын кишилери" аттуу романын жазды. Чыгарма 1948-жылы кыргыз тилинде жана Москвадан орус тилинде жарык көрдү да, бир жылдан кийин автор бул эмгеги үчүн СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты наамын алды. Роман СССР жана чет элдеринин тилдерине которулду.

60-жылдары Сыдыкбеков поэзия жанрына кайрадан кайрылып, "Күн кызы Нурайымга күйөөлөгөн жер уулу Жанболот жөнүндө баян" (1960) жомок поэмасын, "Адамдарга кайрылуу" аттуу ырлар, поэмалар жыйнагын (1969) жарыкка чыгарды. 

Түгөлбай Сыдыкбековдун Көк асаба романы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Көк Асаба" романы туурасында кызыктуу 10 факты
Сүрөткердин турмушунда "Көк асаба" романы өзгөчө тагдырдагы чыгарма болгон. Ал Орхон-Эне-Сай доорундагы түрк элдеринин тарыхый басып өткөн жолун көркөм жалпылаштырууга алган, бул дал ошол тарыхыйлыгы менен тоталитардык доордун "Кара сандыгына" кабылган. Көп жыл окурмандарына жетпей жатып, заман бир аз оңолгондо гана 1989-жылы окурман колуна тийди.

1990-жылдарда Сыдыкбековдун "Табылга" аттуу макалалар жыйнагы (1991), аңгемелерден, маектерден, каттардан куралган "Мен миң жыл жашадым" китеби (1998), "Бел-белес" роман-эссеси (1996) жарыкка чыкты. "Бел-белес" роман-эссесинде автор "Жол" романында башталган багытты уланткан. Өз өмүрүндө көргөн-билгендерин, уккандарын, окугандарын ылгап, адегенде өзүнүн тек жайын кеңири баяндаган. Андан соң Совет бийлигинин алгачкы жылдарынан 1985-жылкы кайра куруу, ачык айтуу саясаты өкүм сүргөн учурларга чейинки мезгилдерди камтыган. Адабий, маданий турмуштагы өзү билген фактыларга, окуяларга карата өз көз караштарын билдирип, баа берүүгө аракеттенген. 

Жазуучу Сыдыкбеков Пушкиндин, Некрасовдун, Бедныйдын, Чеховдун, Серафимовичтин, Шолоховдун чыгармаларын кыргызчага которгон. 

Кыргыз тарыхын калыс иликтөөгө, кыргыз тилин ички сөз кампасына ылайык байытууга замандаштарын үндөгөн. Расмий бийликти бул жааттагы өксүктөрү үчүн тайманбастан ачык сындаган.

Акын Темиркул Үмөталиевдин Бишкек шаарындагы айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Темиркул Үмөталиев - өмүр баяны
Сыйлыктары. Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу (1968-ж). Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын анык мүчөсү (1954-ж). Т.Сыдыкбековдун "Биздин замандын кишилери" романына 1947-жылы 3 даражадагы Сталиндик сыйлык берилип, кийин ал сыйлык СССРдин мамлекеттик сыйлыгы болуп аталып калган. Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу, "Элдердин достугу" ордендери, СССРдин медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Эгемен Кыргыз Республикасынын Кыргыз Эл Баатыры наамын туңгуч ирет алган. 

Кыргыз адабиятына жана маданиятына 70 жылга жакын ак кызмат кылган, элдик тилдин жана нарк-насилдин нускалуу билерманы Түгөлбай Сыдыкбеков 1997-жылы 19-июлда Бишкек шаарында каза болду. Анын сөөгүн эл зор урмат, ызат менен жерге берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0